23:57 13 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR76.8979
  • RUB1.0880
БРИКС монетасы. Архив

БРИКС менен ШКУ саммиттери Уфа шаарында башталды

Фотохост БРИКС/ШОС
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
Уфадагы БРИКС менен ШКУнун саммити (16)
60 0 0

Уфада өтүп жаткан саммиттердин жыйынтыгы менен ШКУ жана БРИКС мамлекеттеринин лидерлери тарабынан кабыл алынуучу декларацияда Украинадагы кырдаалды аскердик кийлигишүүсүз жөнгө салуу жана Минск макулдашуусун аткаруу чакырыгы болору айтылууда.

БИШКЕК, 8-июль — Sputnik. БРИКС менен Шанхай кызматташтык уюмунун 8-июлда башталган саммиттери 10-июлга чейин уланат. 

Быйыл эки уюмга тең Россия төрагалык кылат. 

БРИКС саммитинде экономика маселелери талкууланып, эл аралык саясий абалга баа берилет. Негизинен Украинадагы кырдаал, Греция кризиси, Жакынкы Чыгыш аймагындагы абал жана Ислам мамлекети жараткан коркунучтар тууралуу сүйлөшүүлөр жүрөт.

Ал эми ШКУ саммитинде 14 бирдиктүү чечимге кол коюлат. Анын ичинде Индия менен Пакистандын уюмга кошулуу процедурасын баштоо да каралган. Жыйын жүрүшүндө 2025-жылга чейинки ШКУнун стратегиялык өнүгүү планы бекитилет.

Саммиттердин алкагында ЕАЭБ, БРИКС жана ШКУ мамлекет жетекчилеринин бейрасмий жолугушуусу күтүлүүдө. Сүйлөшүүлөрдө Кытайдын "Жибек жолу" долбоору негизги темага айланышы божомолдонуп жатат.

Жыйын соңунда Уфада өткөн саммиттердин жыйынтыгы менен ШКУ жана БРИКС мамлекеттеринин лидерлери тарабынан кабыл алынуучу декларацияда Украинадагы кырдаалды аскердик кийлигишүүсүз жөнгө салуу жана Минск макулдашуусун аткаруу чакырыгы болору айтылууда.

БРИКС уюмуна Россия, Бразилия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка кирет. 

ШКУ уюмунун курамында Россия, Кытай, Казакстан, Кыргызстан, Тажикистан жана Өзбекстан мамлекеттери бар. Байкоочу статусуна Монголия, Индия, Пакистан жана Афганистан мамлекеттери ээ. Ал эми 2014-жылдын сентябрь айында Индия менен Пакистан аталган уюмга кошулуу тууралуу расмий өтүнүчүн билдирген.

Тема:
Уфадагы БРИКС менен ШКУнун саммити (16)

Тема боюнча

Путин: Иран өзөктүк программасы боюнча ийкемдүүлүгүн көрсөтүүдө
Ирандан санкциялар алынган соң, РФ С-300 боюнча келишимге кайра кайрылышы мүмкүн
Белгилер:
Евразиялык экономикалык биримдик, ШКУ, БРИКС, Кыргызстан, Пакистан, Индия, Россия, Уфа

ЭҢ МААНИЛҮҮ