Референдумда грециялыктардын 61%ы пайызы "жок" деп добуш берди

© Sputnik / Костис Нтантамис / Медиабанкка өтүүГрецияда референдум убагында. Архив
Грецияда референдум убагында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Греция өкмөтү жарандарына Еврокомиссиянын, Европанын борбордук банкынын жана Дүйнөлүк Валюта уюмунун 25-июндагы экономикалык саясатты мындан ары катуулатуу сунушун реферундумга алып чыккан.

БИШКЕК, 6-июль — Sputnik. Өлкөдөгү добуш берүү жайларындагы бююлетендерди чогулта келгенде, грециялыктардын 61, 31 пайызы референдумда кредиторлорго "жок" деп жооп бергени анык болду. Ал эми жашоочулардын 38,69 пайызы макулдугун билдирген. Бул туурасында Грециянын Ички иштер министрлигинин расмий интернет-сайтында кабарланды деп билдирди РИА Новости

Грециянын жаңы сунуштарын Брюссель прогресс үчүн "жакшы негиз" деп атады
Бюллетендердин 5,8 пайызы жараксыз деп табылган. 

Греция өкмөтү жарандарына Еврокомиссиянын, Европанын борбордук банкынын жана Дүйнөлүк Валюта уюмунун 25-июндагы экономикалык саясатты мындан ары катуулатуу сунушун реферундумга алып чыккан. Ага ылайык, гректер дүйнөлүк каржы уюмдарынын аталган багыттагы долбооруна так кесе "жок" же аны уланткан "ооба" деген жообун айтышы керек болучу.

Жаңылыктар түрмөгү
0