Белоруссиянын төмөнкү палатасы КРдин ЕАЭБге кирүүсү боюнча келишимди ратификациялады

Жазылуу
Белоруссиянын мыйзамдарына ылайык, эми аталган келишим парламенттин жогорку палатасында да жактырылып, өлкө президенти тарабынан кол коюлушу керек.

БИШКЕК, 26-июнь — Sputnik. Белоруссиянын Улуттук кеңешинин палатасынын өкүлдөрү жума күнү кезектеги жыйынында Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсү боюнча келишимди ратификациялаганын Sputnik Белоруссия маалымат сайты билдирди.

Белоруссиянын мыйзамдарына ылайык, эми аталган келишим парламенттин жогорку палатасында да жактырылып, өлкө президенти тарабынан кол коюлушу керек. Андан кийин гана келишим мыйзамдуу түрдө күчүнө кирет.

Буга чейин Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсү боюнча келишимди Армениянын парламенти да ратификациялаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0