Путин Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсү боюнча келишимди Мамлекеттик думага жөнөттү

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүПутин Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсү боюнча келишимди Мамдумага жөнөттү
Путин Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсү боюнча келишимди Мамдумага жөнөттү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Армения парламенти Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуусу жөнүндөгү келишимди колдоп берген.

БИШКЕК, 25-июнь — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуусу жөнүндөгү келишимди ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорун Мамлекеттик думага жөнөттү.

Атамбаев: Кыргызстан өнүгүүнүн жаңы баскычына кадам шилтеди
Путин өзүнүн токтому менен экономикалык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Алексей Лихачевду Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусу жөнүндөгү келишимди ратификациялоо жөнүндөгү маселелерди кароодо Федералдык жыйынга расмий өкүл кылып дайындаган.

21-майда президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусу тууралуу эл аралык макулдашууну ратификациялоо боюнча келишимге кол койгон. Армениянын парламентинен башка Биримдиктин калган мамлекеттери келишимди ратификациялай элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0