ЖМК: Ереванда акция өтүп жаткан жерлерге полициянын кошумча күчтөрү тартылды

© АМИ "Новости-Армения" / Медиабанкка өтүүЖМК: Ереванда акция өтүп жаткан жерлерге полициянын кошумча күчтөрү тартылды
ЖМК: Ереванда акция өтүп жаткан жерлерге полициянын кошумча күчтөрү тартылды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каршылык акциялары өткөн жума күнү Еревандын Эркиндик аянтында башталып, дүйшөмбү күнү кечинде президенттин резиденциясын карай жүрүшкө айланды. Шейшемби күнү таң эртеде полиция атайын техниканы колдонуу менен демонстранттарды кууп тараткан.

БИШКЕК, 24-июнь — Sputnik. Укук тартибин коргоочулардын кошумча күчтөрү Ереванда акция өтүп жаткан жерге келди деп билдирет РИА Новости.

Полиция кызматкерлери резина таяктар жана алюминий калкандар менен куралданган.

Демонстранттар чогулган жерде көчөнүн жарыгы өчүрүлгөн. Азыр акциянын катышуучуларына бир катар оппозициялык депутаттар, Армениянын бийлик кылуучу партиясынын өкүлү, өлкөнүн билим берүү жана илим министри Армен Ашотян келип кошулду.

"Биздин катышуубуздун башкы максаты — укук коргоо органдары тарабынан зомбулукка жол бербөө", — деди оппозициялык Армяндар улуттук конгрессинен парламенттин депутаты Никол Пашинян.

Зомбулукту болтурбоо үчүн депутаттар демонстранттар менен полиция кызматкерлеринин ортосунда "жандуу дубал" куруп, бир нече метр артка чегинүүгө чогулгандарды чакырып жатат.

Каршылык акциялары өткөн жума күнү Еревандын Эркиндик аянтында башталып, дүйшөмбү күнү кечинде президенттин резиденциясын карай жүрүшкө айланды. Шейшемби күнү таң эртеде полиция атайын техниканы колдонуу менен демонстранттарды кууп тараткан. 240 чакты адам, анын ичинде журналисттер полиция бөлүмүнө жеткирилген. 25 адам медициналык жардам сурап кайрылган. Еревандын полиция башчысынын орун басары Валерий Осипяндын айтымында, кармалгандардын баары коё берилди. 

Акциянын катышуучулары Коомдук кызматтарды жөнгө салуу боюнча комиссиянын электр кубатынын баасын көтөрүү жөнүндөгү чечимин алып салууну талап кылышкан. 17-июнда чыккан бул чечимге ылайык, 1-августтан баштап жарыктын баасы 6,93 драмга (16,7% пайыз) кымбатташы керек. Ал эми "Электр тармагы" өзүнүн кайрылуусунда бааны 40,8% көтөрүү жөнүндө билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0