Бенгазидеги терактыга байланышы бар "Ислам мамлекетинин" башчысы жок кылынды

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүү"Ислам мамлекетинин" желеги. Архив
Ислам мамлекетинин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Али Авни аль-Хазри аттуу башчысынын өлтүрүлүшү менен, "Ислам мамлекетинин" согушчандарды Түндүк Африкадан Сирияга, Иракка жөнөтүү мүмкүнчүлүктөрү азаят.

БИШКЕК, 23-июнь — Sputnik. Америкалык аскерлер Иракта АКШнын Ливиядагы консулдугуна чабуул жасаганга байланышы бар деп божомолдонуп жаткан "Ислам мамлекетинин" башчыларынын бирин жок кылды. Бул туурасында Пентагондон билдиргенин РИА Новости жазды. 

"Ислам мамлекетинин" башчысы аль-Багдадиге тиешелүү делген кайрылуу таратылды
Маалыматта "Али Авни аль-Хазри "Ислам мамлекетинин" Түндүк Африка менен Жакынкы Чыгышка байланышкан экстремисттерин жетектеп турган", — деп айтылат. 

Аны менен катар эле Али Авни аль-Хазринин өлтүрүлүшү менен, "Ислам мамлекетинин" согушчандарды Түндүк Африкадан Сирияга, Иракка жөнөтүү мүмкүнчүлүктөрү азаяры билдирилет. 

Аль-Хазри Мосул шаарын 15-июнда бомбалоо учурунда өлтүрүлгөнүн кошумча билдиришти. 

2012-жылдын 11-сентябрында Бенгазидеги Америка консулдугуна чабуул жасалып, андан АКШнын элчиси Кристофер Стивенс, дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкери жана аскер каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0