Египет ЕАЭБ менен эркин соода жүргүзүүнү каалайт

© Sputnik / Игорь Руссак / Медиабанкка өтүүЕгипеттин соода, өнөр жай жана инвестиция боюнча министри Мунир Фахри Абдель Нур. Архив
Египеттин соода, өнөр жай жана инвестиция боюнча министри Мунир Фахри Абдель Нур. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Египеттин соода, өнөр жай жана инвестиция боюнча министри Петербургдагы форумдун алкагында ЕЭК коллегиясынын башчысы Виктор Христенко менен Египеттин ЕАЭБге кошулушу жөнүндө маселени талкуулоо ниетинде.

БИШКЕК, 19-июнь — Sputnik. Египеттин соода, өнөр жай жана инвестиция боюнча министри Мунир Фахри Абдель Нур Петербургдагы эл аралык экономикалык форумдун алкагында ЕЭК коллегиясынын башчысы Виктор Христенко менен Египеттин ЕАЭБге кошулушу жөнүндө маселени талкуулоо ниетинде экенин РИА Новости билдирет.

"Мен Христенко мырза менен жолугам. Биз биримдикке кошулуу боюнча Египеттин көз караштарын талкуулап, түрдүү секторлордо соода жүргүзүү боюнча пикир алмашабыз… Жакынкы күндөрү аталган маселе боюча түз сүйлөшүүлөрдүн күнү белгиленет деп күтүүдөмүн", — деди министр.

ЕАЭБ менен Египет эркин соода аймагын түзүү маселеси боюнча жумушчу топ түзө турганы жөнүндө мурдараак кабарланган.

Атамбаев Санкт-Петербургдагы эл аралык экономикалык форумга катышуу үчүн келди
Петербургдагы эл аралык экономикалык форум — экономика жана ишкердик дүйнөсүндөгү жыл сайын өтүп туруучу уникалдуу эл аралык көрүнүш. Анда бир катар мамлекеттердин лидерлери негизги экономикалык суроолор менен көйгөйлөрдү талкуулоо үчүн жолугушат.

Быйыл форумда аймактардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрү, инвестициялык долбоорлор, Россиянын экономикасын өнүктүрүү жана дүйнөлүк каржы системасынын абалы сыяктуу темалар каралат.

Башында бул саммит "КМШ алкагындагы Давос форуму" түрүндө ойлонулган. Анын башкы максаты Кызматташтык мамлекеттеринин экономикалык жана геосаясий өнүгүүсү тууралуу кенен талкуу жүргүзүү болчу. 

2014-жылы Петербургдагы эл аралык экономикалык форум "Өзгөрүүлөр доорунда ишенимди бекемдөө" урааны астында өткөн. 82 интерактивдүү сессияда 500дөн ашуун киши баяндама жасаган. Форумга 73 өлкөнүн расмий делегациялары келген. Форумга катышуучулардын саны 7 590 адамды түзгөн. Анын алкагында жалпы суммасы 401,4 миллиард рубль болгон 175 макулдашууга кол коюлган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0