12:41 19 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.7979
  • EUR77.3640
  • RUB1.0576
Теспиан роботу. Архив

Россия илимпоздору адамдын ою менен башкарылуучу технологияны жасашты

© Sputnik / Валерий Мельников
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
67 0 0

Мурдараак фонддун кызматкерлери Россия башчысы Владимир Путинге роботту ойдун күчү менен башкаруу мүмкүнчүлүгүн көрсөтүшкөн. Интерфейстин принциби мээнин электрондук импульстарын компьютер илип алып роботко сигнал беришинде жатат.

БИШКЕК, 9-июнь — Sputnik. Техникага командаларды мээ бере турган "мээ-компьютер" интерфейсин түзүү аягына чыкты деп билдирет РИА Новости Россиянын келечектүү изилдөөлөр фондуна (КИФ) таянуу менен.

КИФтин башчысы Андрей Григорьев белгилегендей, жакынкы арада мамлекеттик органдар окумуштуулардын инновациялык табылгаларын иш жүзүндө пайдаланышмакчы. 

"Россиянын аткаруу бийлик органдарынан иштелмени тез арада аларга берүү жөнүндө сурамдар келип түштү", — деп бөлүштү Григорьев.

Азыр, КИФтин жетекчисинин маалыматы боюнча, фонд долбоорду тапшырууга байланыштуу документтер менен алектенүүдө.

Мурдараак фонддун кызматкерлери Россиянын президенти Владимир Путинге роботту ойдун күчү менен башкаруу мүмкүнчүлүгүн көрсөтүшкөн. Интерфейстин принциби мээнин электрондук импульстарын компьютер илип алып роботко сигнал беришинде жатат.

Тема боюнча

Аскердик робот-аватарды Путинге көрсөтүү
Дубайда робот полициялар пайда болот
Бийчи робот чет жактын эмес өзүбүздүн, кыргызстандык окуучулардын колунан жаралды
Белгилер:
мээ, робот, Технологиялар, Андрей Григорьев, Владимир Путин, Россия

ЭҢ МААНИЛҮҮ