Түрк лирасынын курсу өлкөдөгү шайлоодон кийин рекорддук минимумга түшүп кетти

© flickr.com / Jeff DjevdetОн түрк лирасы. Архив
Он түрк лирасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түрк лирасынын кунунун түшүшүн эксперттер Түркияда өткөн шайлоонун жыйынтыктары менен байланыштырууда. Өлкөнү башкарып жаткан учурдагы партия акыркы 13 жылда биринчи жолу парламенттеги көпчүлүктөн кол жууду.

БИШКЕК, 9-июнь — Sputnik. Түркиянын улуттук акча бирдиги лиранын наркы төмөндөп, бир доллар 2,75 түрк лирасына барабар болгонун РИА Новости билдирди.

Түркиядагы парламенттик шайлоодон төрт партия өттү
Түрк лирасынын кунунун түшүшүн эксперттер Түркияда өткөн шайлоонун жыйынтыктары менен байланыштырууда. Бийликтеги партия акыркы 13 жылда биринчи жолу парламенттеги көпчүлүктөн кол жууду.

Учурд Түркиянын бийлигиндеги адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясы шайлоочулардын 40,8 пайыз добушун алса, Республикалык эл партиясы (CPH) 25,2 пайыз добуш, Улутчул аракет партиясы (MHP) 16,5 пайыз, Элдик демократия партиясы (HDP) 12,99 пайыз добуш алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0