Окумуштуулар Чурюмов-Герасименко кометасынын тегерегинде күч талаасын табышты

© ESA/Rosetta/NAVCAM, CC BY-SA 3.0 IGOЧурюмова-Герасименко кометасы. Архив
Чурюмова-Герасименко кометасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуулардын божомолунда кометанын "электр калканычы" ал күнгө жакындаган сайын күч алып турат.

БИШКЕК, 4-июнь — Sputnik. Dawn зонду тарабынан берилген жаңы маалыматтар Чурюмов-Герасименко кометасындагы бөтөнчө көрүнүштөр жөнүндө кабарлайт — космос телосун электрондордун H2O молекулалары кармаган нык булуту курчап тургандыгын Astronomy & Astrophysics журналына таянуу менен РИА Новости билдирет.

"Ачылыш бизди абдан таң калтырды. Көрүнүш кометага жакын аралыкта гана байкалат, аны Жерден эң кубаттуу телескоптун жардамы менен да көрө албайсың. Бул ачылыш кометалар жөнүндө бардык түшүнүктөрдү алмаштырды", —дейт Сан-Антонионун (АКШ) Түштүк-Батыш изилдөө институтунун окумуштуусу Алан Стерн.

Күн. Эң жарык жылдыз
Буга чейин илимпоздор кометалардан бууланып чыгуучу ным ачык космос мейкиндигинде жүрбөй турганын билишкен. Ошентсе да окумуштуулар H2O күн нурунун фотондорунун таасири астында жоголуп кетет деп эсептешкен. 

Чурюмов-Герасименко кометасын 10 айдан бери изилдеп жаткан изилдөөчү Alice кызгылт көк спектрографтын жана "Розетта" зондунун башка жабдууларынын жардамы аркасында суунун түзүмүнүн бузулушуна асман телосунун ядросун курчап туруучу өтө күчтүү электрондор таасир кылып жатканы айкын болду. 

Изилдөөчүлөрдүн божомолунда кометанын "электр калканычы" ал күнгө жакындаган сайын күч алып турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0