Америкалыктар менен европалыктар жеке маалыматтары үчүн кооптонот

© Sputnik / Табылды КадырбековСоциалдык тармактарды планшеттен көрүү. Архив
Социалдык тармактарды планшеттен көрүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл аралык социалдык түйүндөр менен ири IT-компанияларынын жеке маалыматтарды жашыруун сактоого карата күч-аракет жумшап жаткандыктарын респонденттердин жалпы санынын 9 пайызы гана тааныйт.

БИШКЕК, 2-июнь — Sputnik. Эл аралык Sputnik агенттиги жана радиосу үчүн ICM Research агенттиги тарабынан жүргүзүлгөн эл аралык "Sputnik.Пикирлер" сурамжылоосу америкалыктар менен европалыктар жеке малыматтарынын жашыруун сакталышына тынчсыздангандыгын аныктады. Сурмажылоодон алынган маалыматтарга ылайык, Европа менен АКШда респонденттердин басымдуу бөлүгү дүйнөлүк эң ири түйүндөр менен IT-компаниялар өз пайдалануучулары туурасында маалыматтарды АКШнын Улуттук коопсуздук агенттигине (УКА) мыйзамсыз беришет деген ойдо.

Алсак, " Сиз Google, Facebook, Microsoft, Seagate, IBM сыяктуу корпорациялардын пайдалануучуларынын маалыматтарын АКШнын Улуттук коопсуздук агенттигине (УКА) берүүгө байланышкан чыр-чатактар жөнүндө уккандырсыз. Ырастоолордун кайсынысы түйүндөрдө пайдалануучулук маалыматтарды коргоо жөнүндө сиздин көз карашыңызды баарынан так билдирет?" деген суроого, Германиянын тургундарынын дээрлик жарымы — 47 пайызы жана Францияда респонденттердин үчтөн биринен ашыгы – 38 пайызы "компаниялар АКШнын УКАсына пайдалануучулар жөнүндө маалымат алуу мүмкүнчүлүгүн берет жана бул мыйзамдын чегинен чыккандык деп эсептейт". Улуу Британия менен АКШда сурамжылангандардын дээрлик үчтөн бири — 31 пайызы жана 29 пайызы компаниялар АКШнын УКАсына пайдалануучулар жөнүндө маалымат алуу мүмкүнчүлүгүн берет жана бул мыйзамсыздык деп эсептейт. 

Америкалыктар менен европалыктарды жеке маалыматтарынын сактыгы кооптонтот
Америкалыктар менен европалыктарды жеке маалыматтарынын сактыгы кооптонтот - Sputnik Кыргызстан
Америкалыктар менен европалыктарды жеке маалыматтарынын сактыгы кооптонтот

Эл аралык социалдык түйүндөр менен ири IT-компанияларынын жеке маалыматтарды жашыруун сактоого карата күч-аракет жумшап жаткандыктарын респонденттердин жалпы санынын 9 пайызы гана тааныйт. Сурамжылангандардын ичинен дал ушунча адам компаниялар "пайдалануучулардын түйүндөрдөгү маалыматтарын коргоого бардык аракеттерди жасайт жана пайдалануучулар жөнүндө маалымат берүү жагынан мамлекеттик түзүмдөр менен кызматташпайт" деп эсептейт. Жана америкалыктардын 11 пайызы гана ири корпорациялар пайдалануучулар жөнүндө маалыматтарды мамлекеттик түзүмдөргө беришпейт деген ишеничте.

Сурамжылоо ICM Research агенттиги тарабынан Sputnik агенттиги үчүн "Sputnik.Пикирлер" (Sputnik.Polls) долбоорунун алкагында 2015-жылдын 20-мартынан 9-апрелине чейин Улуу Британияда, Францияда, Германияда жана АКШда жүргүзүлдү Бардыгы болуп сурамжылоого 4000 (ар өлкөдөн 1000ден) адам катышты. Ар бир өлкө боюнча сурамжылоого тандалып алынгандар жынысы, жаш-курагы жана географиялык өзгөчөлүгү боюнча ар түрдүү топторго кирет. Ишенимдүүлүктүн 95 пайызы мүмкүндүгүн эсепке алганда ар бир өлкө боюнча маалыматка болгон ишеним +/- 3,1 пайызды түзөт.

"Sputnik.Пикирлер" долбоору жөнүндө маалымат

Коомдук пикирди иликтөө боюнча эл аралык долбоор 2014-жылдын июлунда башталып, ага Британиянын белгилүү ICM Reseacrh изилдөө компаниясы өнөктөш болгон. "Sputnik.Пикирлер" долбоорунун алкагында эң көйгөйлүү социалдык жана саясий маселелер боюнча Европа өлкөлөрүндө жана АКШда коомдук пикирге карата үзгүлтүксүз сурамжылоолор жүрүп турат. 

Sputnik (sputniknews.com) — ондогон өлкөлөрдөгү мультимедиалык хабдарга ээ маалымат агенттиги жана радио. Sputnik өзүнө сайттары, аналогдук жана санариптик радио берүүлөрдү, уюлдук тиркемелери жана социалдык түйүндөрдө беттерди камтыйт.

Түйүндөрдө пайдалануучулук маалыматтарды коргоо жөнүндө европалыктар менен америкалыктардын оюн Sputnik инфографикасында көрө аласыздар>>>

Түйүндөрдө пайдалануучулук маалыматтарды коргоо жөнүндө европалыктар менен америкалыктардын ою
Түйүндөрдө пайдалануучулук маалыматтарды коргоо жөнүндө европалыктар менен америкалыктардын ою - Sputnik Кыргызстан
Түйүндөрдө пайдалануучулук маалыматтарды коргоо жөнүндө европалыктар менен америкалыктардын ою

Жаңылыктар түрмөгү
0