Кобяков: Беларусь Кыргызстан менен кызматташууга кызыгат

© Sputnik / Александр Астафьев / Медиабанкка өтүүБеларусиянын премьер-министри Андрей Кобяков. Архив
Беларусиянын премьер-министри Андрей Кобяков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министр Темир Сариев бейшемби күнү Кобяков менен жолугушту. Жолугушуу КМШга кирүүчү өлкө башчыларынын Кеңеши менен Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин отурумдарынын алкагында өттү.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Беларусиянын премьер-министри Андрей Кобяков эки өлкөнүн ортосундагы кызматташууда бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу зарыл деп билдиргени туурасында кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматы кабарлайт.

Премьер-министр Темир Сариев бейшемби күнү Кобяков менен жолугушту. Жолугушуу КМШга кирүүчү өлкө башчыларынын Кеңеши менен Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин отурумдарынын алкагында өттү. 

Кобяков Беларусь КР мене эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыга турганын билдирди.

"Кыргыз-белорус кызматташтыгынын бардык мүмкүнчүлүгүн колдонууга болгон күч-аракетибизди жумшайбыз", — деди Беларусь өкмөт башчысы.

Тараптар эки жактуу кызматташтыктын көйгөлүү маселелерин талкуулашты.

Жолугушууда Сариев Кыргызстан менен Беларусь эки тараптуу кызматташтык үчүн зор мүмкүнчүлүктөргө ээ экендигин белигилеп, соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-белорус өкмөттөр аларык комиссиянын иши кайра башталганын эскерди.

"КР мындан ары да Беларуссия менен кызматташтыкты өз ара ишенимге жана бири-биринин кызыкчылыктарын урматтоого таянуу менен өрчүтүүгө чоң маани берет. Биз эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө кызыгат", — деп баса белгиледи Сариев.

Ал Кыргызстандын ЕАЭБге кириши жөнүндө келишимди ратификациялоо процессин тездетүү зарылдыгын да белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0