Жеңиш парады Казакстанда 7-майда өтөт

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүКазах аскерлери
Казах аскерлери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казахстанда 7-майда эки иш чара: Жеңиштин 70 жылдыгына арналган парад жана Мекенди коргоочулар Күнү өтөт.

БИШКЕК, 25-апр — Sputnik. Казакстанда Жеңиш парадын 7-майда өткөрүү жыл башында эле пландалган деп билдирди Sputnik маалымат сайтына Казакстандын Коргоо министринин маалымат кызматынын жетекчиси Дина Мухаринова.

КР куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Алмазбек Атамбаев 9-майда Кызыл Аянтта өтүүчү парадга катыша турган болгондуктан улам, Кыргызстанда өтө турган Жеңиш парады 7-майга жылдырылган. 7-май Кыргызстанда иш күнү. Тажикстан да бул себептен салтанаттуу жүрүштү майдын жетисине пландалды.

Мухаринова парад Казакстанда жылдырылбагандыгын, ал жылдын башында эле 7-майга коюлгандыгын, Казахстанда бул күнү эки иш чара: Жеңиштин 70 жылдыгына арналган парад жана Мекенди коргоочулар Күнү өтөөрүн айтты. 

"Жыл башынан эле эки иш-чараны ушул күнү өткөрүү пландалган. Парадды Куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы Нурсултан Назарбаев өзү кабыл алат", — деди маалымат кызматынын жетекчиси. 

Парадга 5 миң аскер кызматкерлеринин жана 230 аскердик техникалардын катышуусу күтүлүп жатат. 

9-майда Жеңиштин 70 жылдыгы белгиленет.

Жаңылыктар түрмөгү
0