Коэн: Европаны Россия эмес, АКШнын агрессивдүү саясаты бөлүп-жарды

© AFP / STR / BELGA АКШнын желеги. Архив
АКШнын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Европанын бейкуттугу өзү санкциялар менен бөлүп салган Россиясыз мүмкүн эмес. Украина каатчылыгы боюнча Вашингтондун үрөй учурган каталарын оңдоого улам барган сайын көп өлкөлөр аракет кылууда деп эсептейт америкалык саясат таануучу.

БИШКЕК, 13-апр — Sputnik. Эгер Америка Кошмо Штаттары Москвага каршы агрессивдүү иш-аракеттеринен баш тартса, "Россиянын Украинада жасагандарынын" айынан болду делген ЕБнын бөлүнүп-жарылуусу болмок эмес деп жазат РИА Новости Принстон университетинин профессору Стивен Коэнге таянуу менен. 

Коэн Грециянын премьери Алексис Ципр менен Россия президенти Владимир Путиндин Москвадагы жолугушуусуна арналган америкалык ЖМКлардын баш темаларына көңүл бурат. Эксперттин пикиринде, америкалык ак сөөктөрдүн көз карашын билдирүүчү The New York Times гезити "Купюраларын менен шилтегилеп санкцияларды алып салуу аракетинде Владимир Путин ЕБны бөлүп-жарып жатат" деген тема менен чыккан.

"Греция менен Россиянын сүйлөшүүлөрү боюнча NYT бүгүн үч (үч!) материал чыгарды, андан соң Россиядан сактанып, андан эч кандай каржылык жардам албоо жөнүндө Афиныга эскертүү берген редакциялык макала да жарыяланды. <…> Эгер ошол эле ЖМКнын варианты боюнча Россиянын экономикасы "бүлүнүп бүткөн" болсо, ал эми Батыштын санкциялары чоң ийгилик алып келсе, Москва акчаны кайдан алат экен деген окурманда логикалуу суроо туулат. NYT өзүнө өзү каршы келип жатпайбы", — дейт америкалык саясат таануучу.

Греция жана Кипр Россия менен өтө тыгыз маданий байланышта деп белгилейт ал, бирок мамлекет башчыларынын жолугушуусуна биринчи кезекте экономика себеп болду — түштүк европалык бул эки өлкө азыр кыйын абалда жана жардамга муктаж. Россия менен кызматташуусуз Европанын экономикасында бейкуттук мүмкүн эмес деген ойдо Коэн. Мындай каатчылыкка Батыштын Россияга карата киргизген өзүн өзү кыйратуучу санкциялар бир себеп болду. Дал ушул көйгөй америкалык элитаны Москваны ЕБнын үлгүсү боюнча бөлүп-жаруу "сценарийине" караганда көбүрөөк тынчсыздандырышы керек. 

"Америкалык ЖМКлар Европанын ички бөлүнүп-жарылышынын чыныгы себеби Украина каатчылыгы боюнча АКШнын Россияга карата саясаты эмеспди деген суроону өзүлөрүнө бериши керек. АКШнын иш-аракеттерди ЕБ жаатташтырып отурат, дал ушул себептен ГФРдин канцлери Ангела Меркель менен Франциянын президенти Франсуа Олланд дүрбөлөңгө түшүп Минсквага учуп кетишти. Вашингтондун саясаты согушка алып келе жаткан, ошондуктан отту токтотуш үчүн колдон келгендин баарын жасаш керек болду", — деген ишеничте саясат таануучу.

Анын пикиринде, Америка конгрессинин депутаттарынын, НАТОнун же бийликтин көз карашын чагылдырчу ЖМКлардын көпчүлүк билдирүүлөрү факттарга негизделбестен, Минск макулдашууларынын "баррикадаларына чыгып алып", Украинадагы абалды курчутууга умтулган адамдардын жеке пикирлери болуп эсептелет.

Жаңылыктар түрмөгү
0