Журналисттердин эң ири сүрөт конкурсуна иштерди кабыл алуу аяктаганы калды

© Sputnik / Василий Максимов / Медиабанкка өтүүАндрей Стенин. Архив
Андрей Стенин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Конкурстун жыйынтыгы боюнча "Гран-при" жеңүүчүсүнө жарым миллион рубль ыйгарылат деп билдирет "Россия сегодня" ЭМАнын маалымат кызматы.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Андрей Стенин атындагы эл аралык фотожурналистика конкурсуна иштерди кабыл алуунун аяктарына бир жумадан аз убакыт калды деп билдирет "Россия сегодня" Эл аралык маалымат агенттигинин маалымат кызматы.

Иштер конкурстун stenincontest.ru сайтында 15-апрелге чейин кабыл алынат. Конкурстун жыйынтыгы боюнча "Гран-при" жеңүүчүсүнө 500 миң миллион рубль ыйгарылат.

"Россия сегодня" ЭМАга бир жыл толду
Конкурсту "Россия сегодня" ЭМА РФтин ЮНЕСКО иштери боюнча комиссиясынын жетекчилиги астында өткөрүүдө.

ЭМАнын маалымат кызматынын билдирүүсү боюнча, конкурстун чет элдик катышуучуларына Улуу Британия, Испания, Италия, Жаңы Зеландия, Сирия, Франция, Азербайжан жана Бангладеш өлкөлөрүнүн жаш фотожурналистерди кошулушу менен иш-чарага катышып жаткан мамлекеттердин саны эми 37ге жетти. Ал эми конкурстук иштердин саны 1800дөн ашты.

"Катышуучу өлкөлөр менен кароого тапшырылган иштердин саны "Россия сегодня" ЭМА уюштурган эл аралык фотожурналистикалык конкурс жаш фотосүрөт чеберлери үчүн РФтеги эң ири таймашуу аянтчасы экендигин көрсөтөт", — деп айтылат маалымат барагында.

Кароонун жеңчүүчүлөрүн сыйлоо аземи 3-июнь күнү Москвада өтөт.

Конкурска иштер "Башкы жаңылыктар", "Азыркы замандын көйгөйлөрү", "Спорт" жана "Күнүмдүк турмуш" деп аталган негизги төрт аталыштар боюнча кабыл алынууда. Калыстар тобунун добуш берүү жыйынтыктарына жараша ар бир аталыш боюнча байгелүү үч орун аныкталып, "Гран-при" деп аталган бөтөнчө сыйлык да тапшырылмакчы. Ал сыйлыкка татыктуусу бардык номинациялар боюнча мыкты иштердин ичинен калыстар тобунун көпчүлүк добушу менен тандалат. Конкурстун байге фонду ар бир номинация боюнча биринчи орунга 50, экинчисине 35 жана үчүнчүсүнө 25 миң рублду түзөт.

Конкурс 18 жаштан 33 жашка чейинки катышуучулар үчүн ачык жана анын максаты сүрөтчүлөрдүн кесиптик чеберчиликке умтулуусун колдоо болуп эсептелет.

"Россия сегодня" ЭМА демилгелеген Андрей Стенин атындагы эл аралык фотожурналистика конкурсу коомдун көңүлүн фотожурналистиканын иш милдеттерине буруп жана жаш сүрөтчүлөрдү колдоону көздөйт. Конкурстун алкагында дүйнөлүк сүрөт коомчулугунун өкүлдөрүнө фотожурналистикадагы жаңы аттарды таап таанышуу, колдоо жана анын жогорку стандарттарын калыптандыруу, Россияда жана жалпы эле дүйнө жүзүндө даректүү сүрөттүн сапаттык көрсөткүчтөрүн түзүү мүмкүнчүлүгүн берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0