Йеменде Кыргызстандын 16 жараны калды

© AFP / MOHAMMED HUWAISСитуация в Йемене
Ситуация в Йемене - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын Сауд Аравиясындагы элчилиги мекендештер менен байланышып, Йемендин түндүк аймактарындагы абал турукташып калганын билдирди. Жарандар бул аймактардан өзүлөрүн алып кетүү боюнча азырынча кайрыла элек.

БИШКЕК, 8-апр — Sputnik. Йемендин түндүк провинцияларында Кыргызстандын 16 жараны калганын КР Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Йеменде кырдаал өлкөдөгү саясий абалга байланыштуу курчуп кеткен. Өлкөнүн түштүгүндө "Аравия жарым аралындагы Аль-Каида" (АЖААК) тобу өз иш-аракеттерин жайылтып, ал эми мамлекеттин борборунда президент тараптагы аскерлер менен хуситтерди колдоочу күчтөрдүн ортосунда атышуулар токтобой жатат. 

7-апрелге карата алынган маалымат боюнча Россиянын жардамы менен Йеменден Кыргызстандын 11 жараны эвакуацияланган. Жарандарды Йеменден чыгаруу баскычтуу түрдө ишке ашкан.

Кыргызстандын 11 жараны Йеменден эвакуацияланды
Өлкөнүн түндүгүндөгү Хадрамаут провинциясынын Мукалла административдик борборунда калыптанган кооптуу абалдан улам, бул аймактагы жарандарды чыгарып кетүү маселеси ачык бойдон калууда.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, Мукалла шаарынан Йемендин борбору Сана шаарына чейин 14-15 сааттык жол. Бардык багыттар боюнча мамлекеттик аскер күчүнүн тосмолору коюлган. Бир катар аймактарда хуситтердин посттору болушу дагы эле мүмкүн.

Кыргызстандын Сауд Аравиясындагы элчилиги мекендештер менен байланышып, Йемендин түндүк аймактарындагы абал турукташып калганын билдирди. Жарандар бул аймактардан өзүлөрүн алып кетүү боюнча азырынча кайрыла элек.

КР ТИМи Йемендин түндүк провинцияларындагы жарандарды эвакуациялоо маселесин Россия тарап менен карап жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0