Президент Алмазбек Атамбаев "Евроньюс" телеканалына маек берди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев "Евроньюс" телеканалына маек берди
Президент Алмазбек Атамбаев Евроньюс телеканалына маек берди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент Алмазбек Атамбаев "Евроньюс" телеканалына маек берип, Европа союзунун өлкөлөрүнө жана институттарына болгон сапары, КРдин евразиялык мейкиндикте интеграциялык процесстерге катышуусу тууралуу айтып берди.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Бельгияга жана Европа биримдигинин институттарына жасаган иш сапарынын алкагында "Евроньюс" европалык маалыматтык телеканалына интервью берди.

Атамбаев жана Туск Борбор Азиядагы диний абал туурасында сүйлөштү
Интервьюнун жүрүшүндө мамлекет башчысы Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформалар, Европа биримдигинин өлкөлөрүнө жана институттарына сапар, европалык өлкөлөр менен мамилелерди мындан ары активдештирүү, ошондой эле өлкөнүн евразиялык мейкиндикте интеграциялык процесстерге катышуусу тууралуу айтып берди.

Алмазбек Атамбаев Европанын алдыңкы мамлекеттери – Австрия, Швейцария, Бельгия, Франция жана Германияга 22-мартта башталган расмий иш сапары 1-апрелде аяктайт. 

"Евроньюс" — европалык күнү-түнү көрсөтүүчү маалыматтык телеканал, дүйнө окуяларынын видеохроникасын жана 14 тилдеги аудикомментарийлерди камтыйт. Телеканалдын аудиториясы 300 миллиондон ашуун көрүүчүлөр, 150дөн ашык өлкөдө көрсөтүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0