АКШнын Конгрессинде Украинага курал жиберүүнү колдоп добуш беришти

© AFP / Sergei SupinskyАКШнын Конгрессинде Украинага курал жиберүүнү колдоп добуш беришти
АКШнын Конгрессинде Украинага курал жиберүүнү колдоп добуш беришти - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Резолюциянын текстин жазган конгрессмендер алардын иш-аракеттерин "көз карандысыз, демократиялык жана гүлдөгөн Украинанын эгемендүүлүгүнө кам көрүү" катары баалаш керек деген ишеничте.

Кыргызстан Украинада тынчтык орнотуучулук миссиясын аткарууга даяр — эксперт
БИШКЕК, 24-мар — Sputnik. Америка Кошмо Штаттарынын башчысына Украинага курал-жарак жиберүү кеңеши менен АКШ Конгрессинин өкүлдөр палатасы көпчүлүк добуш аркылуу чыкты деп билдирет РИА Новости.

Документти 348 мыйзам чыгаруучу колдоп, 48 гана конгрессмен каршы добуш берди.

Резолюцияда америкалык лидерге "Киевге өлтүрө турган ок атуучу курал жиберүү боюнча конгрессмендер берген ыйгарым укукту пайдалануу" кеңеши жолдолгон.

Резолюциянын текстин жазган конгрессмендер алардын иш-аракеттерин "көз карандысыз, демократиялык жана гүлдөгөн Украинанын эгемендүүлүгүнө кам көрүү" катары баалаш керек деген ишеничте.

Миңдеген адамдардын өлүмүнө документтин авторлору Россияны күнөөлөйт. Бирок РФ качкындардын көпчүлүгү үчүн баш калка бергендиги тууралуу кеп кылынган эмес. 

"Нормандиялык төртиликтин" акыркы жолугушуу натыйжалары

2015-жылдын 12-февралында Минскте Россиянын, Германиянын, Франциянын жана Украинанын президенттеринин жолугушуусу болгон. Анын максаты Украинадагы, атап айтканда, Донбасстагы чыр-чатакты жөнгө салуу болчу. Узакка созулган сүйлөшүүлөр "Минск сүйлөшүүлөрүн аткаруу боюнча иш-чаралар комплекси" — 15-февралда түнкү саат 00.00дө ок атууларды ткототуу каралган документти кабыл алуу менен аяктаган эле. Анын дагы бир маанилүү пункту оор куралдарды четке алып чыгып, тынчтык тилкесин түзүү болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0