Россияда Нооруз майрамы кеңири белгиленди

© Фото / Айымкан КулукееваРоссияда Нооруз майрамы кеңири белгиленди
Россияда Нооруз майрамы кеңири белгиленди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нооруз майрамын белгилөө Москва өкмөтүнүн, КМШ мамлекеттеринин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана улуттук диаспораларынын колдоосу менен уюштурулганын Айымкан Кулукеева билдирди.

БИШКЕК, 23 мар — Sputnik. Нооруз-2015 майрамы 21-мартта "Лужникиде" жайгашкан "Россия" Мамлекеттик борбордук концерттик залында өткөнүн Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалымат кызматы билдирди.

Нооруз Ош шаарынын Амир-Темур аймагында да белгиленди
Нооруз майрамын белгилөө Москва өкмөтүнүн, КМШ мамлекеттеринин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана улуттук диаспораларынын бирикмелиринин колдоосу менен уюштурулганын Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалымат катчысы Айымкан Кулукеева билдирди.

Анын айтымында, майрамдык иш чарага Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана башка бул майрам белгиленүүчү аймактардын өкүлдөрү катышты. Дагестан, Башкыртстан, Татарстандан сырткары, быйылкы майрамга биринчи жолу Иран, Албания, Македония, Молдовы, Түркия, Ингушетия, Карачай-Черкесс, Кабардино-Балкария, Түндүк Осетия жана башкалар катышты.

"Ар бир өлкө өздөрүнүн кол өнөрчүлөрүнүн эмгектерин, элдик музыкалык чыгармачылыгын жана улуттук тамактарын көрсөтүштү", — деди Кулукеева.

Бул майрамдык иш-чарага Кыргызстандын атынан республиканын эл артистти Керим Турапов жана эл аралык конкурстардын лауреаты Фатима Султанова чыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0