"Россия Сегодня" ЭМА Улуу Жеңиш жөнүндө технологиялардын жардамы менен айтып берет

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүМИА "Россия сегодня" мааалымат борборунун ачылышы. Архив
МИА Россия сегодня мааалымат борборунун ачылышы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын шаарларына коюлган медиаэкрандар аркылуу Экинчи дүйнөлүк согуш жөнүндө видеороликтер көрсөтүлөт. Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу он беш мультимедиалык макала англис жана кытай тилдеринде жарыяланат.

БИШКЕК, 19 мар — Sputnik. "Россия Сегодня" ЭМА Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата коммуникациялык иш-чараларды баштайт. Ал жай мезгилинин аягына чейин улантылып, жыйынтыктарын 2-сентябрда – Экинчи дүйнөлүк согуш аяктаган күнү чыгаруу пландалууда.

Агенттиктин сайтында жана Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург шаарларынын көчөлөрүндө орнотулган медиаэкрандарда Улуу Ата мекендик согуштун негизги салгылашууларына арналган «Кызыл Аскердин 15 соккусу» мультимедиалык тарыхый сүрөттөмөлөр пайда болот. Түйүндүн долбоору «лонгрид» актуалдуу формасында аткарылган. Медиаэкрандар шаардыктарды экинчи дүйнөлүк согуштун окуялары менен видеотасмалар аркылуу тааныштырмакчы. Улуу Ата мекендик согуш жөнүндөгү он беш мультимедиалык сүрөттөмө англис жана кытай тилдеринде да чыгарылат. 

Долбоордун алкагында агенттик тарабынан согуштун эң маанилүү кармаштары тууралуу мультимедиалык «лонгриддерди» даярдады. Биринчиси Сталинград кармашы жөнүндө баяндайта жана анда душмандардын күчтөрүн салыштырып, согуштун жүрүшү тууралуу ага катышкан кол башчылары менен катардагы жоокерлер айтып берет. Ошондой эле долбоор Курск согушу, Ленинград-Новгород, Днепровск-Карпат жана Крым операциялары, «Багратион» операциясы жана башка Экинчи дүйнөлүк согуштун чечүүчү баскычтарын кучагына алат.

Ар бир мультимедиалык макалада түрдүү форматтар: сейрек кездешүүчү архивдик кинотасмалар, заманбап технологиялардын аркасы менен кайра калыбына келтирилген карталар, аудио жана визуалдык эффекттер пайдаланылган. Долбоорду жаратууда агенттиктин өз архиви жана мамлекеттик телерадионун архиви коолдонулду. 

"Россия Сегодня" ЭМАнын башкы директору Дмитрий Киселев бул долбоор тууралуу мындай дейт: «Биз өз өлкөбүздүн тарыхы менен сыймыктанууга акылуубуз жана аталган долбоор аркылуу муну дагы бир жолу баса белгилеп жатабыз. Биз Улуу жеңишке кантип жеткендигибизди көркөм жана кызыктуу кылып баяндоочу долбоор жараттык»а.

"Улуу Ата мекендик согуштагы аскердик операциялар жөнүндө маалыматтарды баары эле китептерден же монографиялардан издеп отурбайт. Ошол эле учурда айтылып же жазылбай калган кызыктуу факттар абдан көп. Ал эми көркөм жана технологиялык жол менен берилген ошол эле маалыматтар калктын эң кенен катмарлары үчүн кызыктуу да жагымдуу да окуу болот", — дейт долбоор тууралуу ria.ru биргелешкен дирекциясынын башчысы Кирилл Кирьянов.

Долбоор онлайн жана оффлайн мейкиндигинде ишке ашырылат. Бөлүмдүн ria.ru сайтында (www.ria.ru/15udarov) чыгышы менен катар, аталган иш-чара indoor жана outdoor тартибинде эки борбор калаада жана Екатеринбургда башталат. Улуу Ата мекендик согуштун эң олутуу кармаштары жөнүндө тасмалар Москванын медиафасадында (Жаңы Арбаттагы «Октябрь» кинотеатрынын имараты, Москва Телеграфынын имараты, ошондой эле Можайск, Ленинград жана Волоколамск жолдорундагы көп кабаттуу имараттар) жана Санкт-Петербург, Екатеринбург шаарларынын коомдук унааларында көрсөтүлөт. 

"Кызыл Аскердин 15 соккусу" долбоорунун өнөктөштөрү LBL коммуникациялык топ (Медиафасаддар) жана 1PTV компаниясы (коомдук унаалардагы телекөрсөтүү) болду.

"Россия сегодня" ЭМА (www.ria.ru) — бул мультимедиалуу эл аралык маалымат агенттиги. Анын максаты дүйнөлүк окуяларды токтоосуз түрдө, таразалап жана объктивдүү чагылдыруу, эл аралык аудиторияга кырдаал боюнча россиялык көз карашты билдирүү болуп эсептелет. 

Өз ишинде "Россия сегодня" ЭМА дүйнөлүк окуяларды берүүдө жеке жаңылыктык күн тартибин калыптандырууга, темалардын эксклюзивдүүлүгүнө жана темаларды терең талдоого басым жасайт.

"Россия сегодня" ЭМАнын маазмуну журналистиканын дүйнөлүк эң жогорку стандарттарына туура келет. Алар: эксклюзивдүүлүк, оперативдүүлүк, аныктык жана түрдүү көз караштарды берүү. Агенттиктин жаңылыктарды чыгаруусу кабарлардын сапатына, тактыгына жана объективдүүлүгүнө сырттан таасирдин болушуна жол бербей турган айкын стандарттар менен жөнгө салынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0