Япониянын премьери Тунисте болгон окуяга карата өз нааразычылыгын билдирди

© AFP / Zoubeir SouissiТунистин борборундагы музейге согушчандар кол салган
Тунистин борборундагы музейге согушчандар кол салган - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Синдзо Абэ согушчандардын жасаганын сынга алып, террористтик аракеттерге жол берүүгө болбой тургандыгын билдирди.

БИШКЕК, 19-мар — Sputnik. Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ өлкөнүн үч жараны Тунистин борборундагы музейге согушчандар кол салган учурда курман болгондугун жана дагы үч япондук жаракат алганын ырастады деп билдирет РИА Новости.

"Мен үч адам каза таап, дагы үчөө жарадар болгондугу жөнүндө маалымат менен тааныштым", — деген япон премьеринин сөздөрүн келтирет Киодо агенттиги.

"Террористтик аракеттерге жол берилбеши керек. Мен болгон окуяга карата өз нааразычылыгымды билдирем", — дейт Абэ.

Швециянын ресторанындагы атышуудан эки адам каза тапты
Мурдараак Япониянын ТИМинин башчысы Фумио Кисида бир янониялык жарандын курман болгонун ырастаган. Ошондой эле ал кол салуу жөнүндө жана окуя учурунда музейде болгон япониялыктар тууралуу бийлик маалымат топтоп жаткандыгын билдирген. Министрлер кабинетинин алдында Япониянын премьери Синдзо Абэ башчылык кылган кризистик штаб түзүлдү.

Шаршембиде аскер кийимин кийип алган согушчандар машина менен парламенттин имаратынын алдына келип, анын жанында жайгашкан "Бардо" музейине кирип барышкан. Музейге кол салуу учурунда ар кайсы маалыматтар боюнча 100дөн 200жүзгө чейин көрүүчүлөр бар болчу. Согушчандар чет элдик туристтерди барымтага алган. Теракт үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" террористтик уюм өзүнө алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0