РФте биринчи жолу "спайска каршы" мыйзам колдонулду

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүБаңги зат. Архив
Баңги зат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тизмени кеңейтүүгө Оренбургда болгон окуя түрткү берди. Аталган шаарда 2001-жылы туулган мектеп окуучусу "спайстан" ууланып, ооруканага түшкөн.

БИШКЕК, 11-мар — Sputnik. Россияда шаршембиде "спайска каршы" мыйзам биринчи жолу колдонулду: БЗКФК аталган баңги затка өз алдынча тыюу салды деп билдирет РИА Новости баңги затка каршы полициянын директору Виктор Ивановго таянуу менен.

"Бүгүн Россия президентинин "спайска каршы" мыйзамына ылайык, мен биринчи жолу тизмеге жаңы психоактивдүү затты киргиздим. Биздин кызмат Оренбург областында бул заттын биринчи жолу колдонулушун каттоого алып, ошол себептен аны сатууга токтоосуз тыюу салынды", — деп билдирди Иванов коллегиянын отурумунда.

Анын айтымында, тизмени кеңейтүүгө Оренбургда болгон окуя түрткү берди. Аталган шаарда 2001-жылы туулган мектеп окуучусу "спайстан" ууланып, ооруканага түшкөн. "Ошентип, мыйзам рынокто тездик менен пайда болуп жаткан жаңы баңги заттарды сатуу тармактарын жок кылуу иштерин уюштуруу максатында мамлекеттин токтоосуз чара көрүүлөрү үчүн иштеп жатат. Эски процедура боюнча бул жарым жылдан бир жылга чеийнки убакытты алмак", — деп кошумчалады кызмат жетекчиси.

Бишкекте спайс сатуучу Skype аркылуу кайрылган адамды тизмесине эки мүнөттө кошту
Ошол эле учурда 2014-жылы БЗКФК баңгы заттардын 288 жаңы түрүнө тыюу салууга жетишкен деп белгиледи Иванов.

Чегүүчү аралашма заттарды пайдалануу маселесине Россияда 2014-жылдын сентябрында башталган көп сандагы уулануулардан кийин көп көңүл бурула баштаган. Анда "киши өлтүргүч спайстан" 2 миңден ашык адам жабыркап, 40тан ашыгы көз жумган. Октябрдын аягында БЗКФК аталган "спайстын" курамына кирүүчү заттарга тыюу салынышына жетишкен, бирок анын башка түрлөрү дагы эле колдонууда бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0