Генетиктер адамдын геномун АИЖВден тазалоону үйрөнүштү

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүАнализ крови на ВИЧ-статус. Архив
Анализ крови на ВИЧ-статус. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Америкалык генетиктер адамдын имундук жетишсиздик вирусунун ДНК фрагменттерин геномду оңдоо боюнча жакында түзүлгөн "түйүндүү" системанын жардамы менен биздин ДНКдан алып таштоону үйрөнүштү. Аталган АИЖВдин ДНКларын бактериялар башынан эле ретровирустардан коргоо үчүн пайдаланат.

БИШКЕК, 11-мар – Sputnik. Эл аралык окумуштуулар жамааты жакында ачылган геномду оңдоо боюнча CRISPR/CAS "түйүндүү" системаны АИЖВди ооруну жуктурган клеткаларда ДНКдан алып салууга ылайыкташтырды. Бул "XXI кылымдын чумасына" каршы таптакыр жаңы вакцина жаратууга жол ачат деп айтылат Nature Communications журналында жарык көргөн макалада деп билдирет РИА Новости.

"Бул технологиянын негизги артыкчылыгы ал биздин геном кошулган вирустуу ДНКны гана жок кылбастан, ы АЖИВнын алдын алууга мүмкүндүк бергенинде. Вирусту эң башында эле жок кылуу менен, биз клеткалардын жугузуп алуусун кадимки вакциналар таасир кылгандай эле жол менен токтото алабыз", — дейт Хуан Беломонте (Juan Belomonte) Ла-Хойенин Салка университетинен (АКШ).

Бельмонте жана анын кесиптештери жакныда түзүлгөн CRISPR/CAS системасына экспериментерди жүргүзүү жолу менен АИЖВга каршы "генетикалык" вакцина жаратууда чоң кадам жасады. Аталган вакцина айрым гендерди жана ДНКнын фрагменттерин эркин алып таштап же алмаштырууга мүмкүндүк берет.

Мындайча пайдалануу аталган системаны "өз баштаныа кайтаруу" болот. Себеби ал жүз миллиондогон жыл мурун бактериялардын ичинде ретровирустардан коргонуч катары өрчүп келген, жана 2012-жылы гана Фэн Чжан (Feng Zhang) жана анын кесиптештери аталган системаны көп клеткалуу жандыктардын геномун оңдоого ылайыкташтырышкан.

КРда ВИЧ инфекциясына боюнча абал
Бельмонтенин тобу вирустуу ДНКнын түзүмүн талдап чыгып, РНКнын кыска молекулалары түрүндөгү атайын белгилердин топтомун даярдаган. Ал болсо вирустун генетикалык кодуна жармашып, CRISPR/CAS жок кылышы керек болгон геномдун фрагменттери катары белгилешкен. Бул белгилердин жана геномду оңдоо системасынын иштешин окумуштуулар АИЖВ жуккан лимфоциттерде жана иммундук системанын башка клеткаларына сынап көрүштү.

Эксперимент көрсөткөндөй, бул РНК-белгилеринин биринчи версиясы эле ийгиликтүү болуп, ал вирустун бардык издеринен клеткалардын 72%ын тазалаган. Илимпоздордун айтымында, ал клеткага жакында эле кирген АИЖВди гана эмес, терең кирип "уйкуда жаткан" вирусттрады да жок кылган.

Экинчи жагынан, CRISPR/CAS оорунун алдын алуу каражаты катары да өзүн жакшы көрсөттү. "Генетикалык редактордун" РНКсы жана молекулалары менен алдын ала иштетилген иммундук клеткалардын бирине да вирус жуккан эмес. 

Бүгүн Бельмонте менен анын кесиптештери АИЖВнын көбүрөөк түрлөрүн кучагына ала турган РНК-белгилеринин жаңы түрлөрүн жаратуунун үстүндө иштеп жатат. Бул келечекте вирустун адамдын ДНКсындагы бардык бөлүктөрү менен менен көчүрмөлөрүн жок кылууга мүмкүндүк берип, анын андан аркы эволюциясына жана мутацияланышына жол бербейт. АИЖВ CRISPR/CAS системасына ылайыкташып кете алар-албасын жана буга канча убакыт талап кылынарын биологдор азырынча билбейт. Ошондуктан мунун алдын алуу үчүн окумуштуулар мындай вакцинанын натыйжалуулугун жогорулатуунун үстүндө иштеп жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0