Грозный шаарынын көчөсүнө өзбек диний аалымдарынын биринин аты ыйгарылат

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүГрозный. Архив
Грозный. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көчөгө аты бериле турган диний аалым Мухаммад Садык Мухаммад Юсуф кезинде Чечен Республикасынын президенти Ахмат Кадыров менен Ислам институтунда чогуу окуган. Бул туурасында өлкөнүн азыркы президенти Рамзан Кадыров билдирди.

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Грозный шаарындагы көчөлөрдүн бирине жакында эле каза болгон өзбекстандык диний аалым, шейх Мухаммад Садык Мухаммад Юсуфтун ысымы берилет. Бул туурасында Чечен Республикасынын азыркы президенти Рамзан Кадыров өзүнүн Instagram баракчасында билдирди деп жазды РИА Новости

"Чеченстандын эл жашаган аймактарындагы ар бир мечиттерде шейхтин жаркын элесине арналган Куран окулат. Мен анын ысымын Грозный шаарындагы көчөлөрдүн бирине ыйгаруу чечимин кабыл алдым", — деп билдирди Кадыров.

Кадыров окутуучу, диний аалым, анын атасы, кезегинде Чечен Республиканын президенти болгон Ахмат Кадыровдун досу болгон, алар Ташкенттеги Ислам институтунда чогуу окугандыгын билдирди. 

Шейх Мухаммад Садык Мухаммад Юсуф 10-мартта 63 жашында спорт залда машыгып жатып каза болгон. 1989-1993-жалдары ал Орто Азия жана Казакстан аймагы боюнча Мусулмандар башкармалыгынын төрагасы болуп турган. 1993-жылы шейх Сауд Аравиясына эмиграцияга кетип, Ташкентте 1999-жылы февралда болгон теракттан кийин Өзбек бийлиги аны мекенине кайтып келүүгө көндүргөн. Улама өмүрүнүн акыркы жылдары илимий-агартуучулук иштери менен алектенип келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0