Бажы кызматы: Польшадан келчү миңдеген жоогазын гүлү РФтин айымдары жетпей калды

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүСрез тюльпанов в агрохозяйстве в Великом Новгороде
Срез тюльпанов в агрохозяйстве в Великом Новгороде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
30 миң жоогазын гүлү Россия-Польша чек арасынан өткөрүлгөн жок. Гүлдөрдүн документи Бажы биримдигинин жаңы мыйзамдарына туура келбегендиктен Калининграддын бажы кызматы тоскоолдук кылган.

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Тийиштүү фитосанитардык документи жок болгондуктан Калининграддын Бажы кызматы Россиянын аймагына миңдеген жоогазындарды өткөргөн жок деп РИА Новости билдирди.

Маалымат катчы аксана Иванованын маалыматына ылайык, Россияны көздөй түрдүү убакта жолго чыккан эки оор жүк ташуучу машина кармалган

"Жаңы эле үзүлгөн 15,5 миң жоогазындын тийиштүү фитосанитардык документтери жок болуп чыкты. Аны азербайжандык жаран жөнөткөн. Машина кармалды. Кийин дага Калининград облусуна кирүүгө аракет кылган башка машина кармалды. Анын да тийиштүү документтери болгон эмес", — деди ал.

Бажы биримдигинин жаңы мыйзамдарына ылайык, өсүмдүктөрдүн док фитосанитардык документтери болбосо, тийиштүү жүктөрдү алып кирүүгө тыюу салынат. Аталган иш боюнча административдик иш козголду. Кармалган жоогазындар кайтадан Польшага жөнөтүлгөн.

Эгер аталган жоогазын Россияда сатылганда 20 миң доллар пайда алып келмек. Учурда жоогазындын орточо баасы 0,5 долларды түзөт.

Иванова белгилегендей, Бажы биримдигинин жаңы мыйзамдарына ылайык, акыркы эки айда бажы кызматы тарабынан 500 тоннадан ашык (2,5 миллион даана) гүл чек арадан өткөрүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0