Жуковдун эстелиги Москвадан Монголияга алып келиниши мүмкүн

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүПамятник маршалу Георгию Константиновичу Жукову
Памятник маршалу Георгию Константиновичу Жукову - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Монголдор маршал Жуковго арналган монументти берүүнү суранышууда. Аскер башчысынын атка минген абалындагы айкели Монголиянын тургундарына өз тарыхын элестетет деп эсептейт монгол элчиси.

БИШКЕК, 2 мар — Sputnik. Монголиянын Россияданы элчилиги Манежная аянтындагы аскер башчысы маршал Жуковдун эстелигин Улан-Баторго көчүрүп баруу темасын козгоду деп билдирет РИА Новости элчи Шухэр Алтангэрэлге таянуу менен.

Россия менен Монголиянын өз ара мамилелерине арналган сүрөт көргөзмөсүн ачып жатып, элчи Алтангэрэл монументти көчүрүп кетүү жөнүндө Москванын депутаттарына өтүнүч менен кайрылганын билдирди.

Дипломаттын кат жүзүндөгү кайрылуусунда СССрди Баатырынын биринчи жылдызы Жуковго Халкингол (Монголия) суусундагы кармаш үчүн 1939-жылы ыйгарылгандыгы айтылат. Монголиянын борборунда Жуковдун жаркын элесине музей уюштурулган, эми болсо кезек монументте деп эсептейт элчи.

"Жуковдун кичи мекени Калуга областы экени талашсыз, бирок аскер башчысы катары ал кантсе да бизде жаралган. Монументти Монголиянын борбору Улан-Баторго көчүрүп баруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну суранам", — деди Алтангэрэл.

Дипмиссиянын айтуусунда, Жуков монголдор үчүн жакшы үлгү болот, себеби "ар бир монгол ат жалында жүргөндү сүйөт" эмеспи.

Мурдатан эстеликти көчүрүп кетүүнү каалагандыгын Калуга областы билдирген. Бул тууралуу сунуш Москва шаарынын Думасына маршал Георгий Жуковдун эстелиги коомунан 2014-жылдын күзүндө келген.

Ошол эле учурда "Офицерлер бир туугандыгы" фондунун жетекчиси Владимиа Михалкиндин айтымында, Манежная аянтындагы азыркы эстелик "аскердик ырым-жырымдарга ылайык эмес жасалган". Ал аны меценаттардын каражатына жасалган скульптура менен алмаштырууну сунуштаган. Бул мүмкүнчүлүктү Россиянын Коомдук палатасы талкуулаганы жатат.

СССРдин маршалы Георгий Жуковдун эстелиги Москванын борборунда 1995-жылдын 8-майынан бери туратулуу аскер башчысынын атка минип турган айкели совет элинин фашисттик Германияга каршы Улуу Ата мекендик согуштагы жеңишинин 50 жылдыгына арналып коюлган.

Жаңылыктар түрмөгү
0