Daimler AG жана "КамАЗ" машиналары бир марка менен чыгышы мүмкүн

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүОАО "КАМАЗ"
ОАО КАМАЗ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"КамАЗ" жүк ташуучу автоунааны чыгаруучу завод менен Daimler AG немис концерни кызматташууга өтүшү мүмкүн. Эки автогигант биргелешкен ишкана уюштурушун Еврокомиссия жактырган.

Япониялык өндүрүүчүлөр автоунааларын от чагылуу мүмкүндүгүнөн кайра алып жатат
БИШКЕК, 26-фев — Sputnik. Daimler AG немис концерни менен Россиянын "КамАЗ" автозаводу унааларды бир марка менен чыгарышы мүмкүн, Еврокомиссия (ЕК) биргелешкен ишкана түзүүнү жактырды деп билдирет РИА Новости ЕКнын маалымат кызматына таянуу менен.

Еврокомиссиянын маалыматында, биргелешкен долбоор Европа биримдигинин монополияга каршы мыйзамдарына таянат деп айтылган.

"Еврокомиссиянын эксперттери келечекте атаандаштыкка таасири болбойт дешет. Бул автоунаалар Россия менен Беларуссияда гана чыгарыла тургандыгы менен түшүндүрүлөт", — деп айтылган пресс-релизде.

Жүк ташуучу унааларды чыгаруу боюнча иш-аракеттерди автогиганттар 2009-жылдын ноябрында баштаган. Анда "КамАЗ" менен Daimler биргелешкен "Мерседес-Бенц Тракс Чыгыш" жана "ФУЗО КАМАЗ Тракс Рус" эки ишкана түзүү жөнүндө келишимге кол коюшкан. Макулдашууга ылайык, өнөктөштөрдүн ишканада үлүшү тең болот. 

"КамАЗ" ААКдан маалымат булагынан билдиргендей, "ФУЗО КАМАЗ Тракс Рус" ЖЧКнын бардык уставдык капиталын "Мерседес-Бенц Тракс Чыгыш" сатып алган. Келишүү Россиянын монополияга каршы федералдык органы тарабынан ырасталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0