Газпром: Киев газ үчүн алдын ала төлөгөн жок, газ берүү токтотулушу мүмкүн

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүГаз түтүгү. Архив
Газ түтүгү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Газпром" компаниясынан алдын ала төлөнгөн газдын 219 миллион кубометри гана калды деп билдирдишет. Алдын ала төлөөлөр жоктугунан эки күндөн кийин Украинага газ берүү толук токтошу мүмкүн.

БИШКЕК, 24-фев — Sputnik. "Украинанын нафтогазы" Россиянын газы үчүн алдын ала төлөөлөрдү өз убагында жүргүзгөн жок. Эки күндөн кийин эле Украинанын компанияларына сурам кылынган көлөмдө газ берүү толук токтотулушу мүмкүн деди журналисттерге "Газпром" ААК башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллер. Бул тууралуу РИА Новости кабарлайт.

"Украина газы үчүн жаңы алдын ала төлөөлөрдү өз убагында жасаган жок. Бүгүн акы төлөнгөн 219 миллион кубометр газ гана калды. "Нафтогаздан" "Газпромдун" эсебине акча которууга эле эки күн кетет", — деди Миллер.

"Ошондуктан Украинага сурам жасалган 114 миллион кубометр көлөмүндөгү газды берүү эки күндөн кийн Россиялык газдын Украианага берилишин толук токтотот. Бул Европага газдын өтүшүнө олуттуу коопчулуктарды жаратат", — деп кошумчалады ал.

Жаңылыктар түрмөгү
0