Россиянын Украина боюнча документи БУУнун Коопсуздук кеңешинде бир добуштан кабыл алынды

© POOL / Медиабанкка өтүүБУУнун Коопсуздук кеңеши. Архив
БУУнун Коопсуздук кеңеши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Документте украин каатчылыгын тынчтык жолу менен чечүү зарылчылыгы баса белгиленип, Украинанын чыгыш бөлүгүндөгү зомбулукка тынчсыздануу билдирилген. Негизи документ Минск макулдашууларын колдоо үчүн түзүлгөн.

БИШКЕК, 18 фев — Sputnik. БУУнун Коопсуздук кеңешинин бардык мүчөлөрү Украина боюнча Россия тарап сунуш кылган резолюциянын долбоорун бир добуштан колдошту деп билдирет РИА Новости.

БУУнун башкы катчысы Дебальцеводо аскер аракеттеринин улантылышана тынчсызданат
Бириккен Улуттар Уюмунун ККнын он беш мүчөсү добуш берүү учурунда Украина боюнча Россия тарап сунуш кылган резолюциянын долбооруна толук макулдугун билдиришти.

Документти Россия кеңештин кароосуна жума күнү алып чыккан. Анда украин каатчылыгын тынчтык жолу менен чечүү зарылчылыгы баса белгиленип, Украинанын чыгыш бөлүгүндөгү зомбулукка тынчсыздануу билдирилген. Негизи документ Минск макулдашууларын ишке ашырууну колдоо үчүн түзүлгөн.

12-февралда "Нормандия төртилигинин" Минскте сүйлөшүүлөрү аяктап, убактылуу элдешүү жөнүндө документке кол коюулушу Украинадагы куралдуу чыр-чатакты чечүүдөгү эӊ маанилүү факт болуп эсептелет. Ок атууларды токтотуу, оор куралдарды алып кетүү, коопсуз тилкени түзүү жана макулдашуунун башка пункттары 16 сааттан ашык созулган сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында жетишилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0