ИМдин кирешелери боюнча РФтин резолюциясы БУУнун ККда колдоого алынды

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүВиталий Чуркин. Архив.
Виталий Чуркин. Архив. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги Россиянын туруктуу өкүлү резолюциянын кабыл алынышын террористерди каржылоого каршы күрөштөгү олуттуу жылыш деп атады.

БИШКЕК, 13-фев — Sputnik. БУУнун Коопсуздук кеңеши "Ислам мамлекети", "Жебхат-ан-Нусры" жана башка "Аль-Каида" менен байланышы бар уюмдардын киреше алууларына бөгөт коюу жөнүндө Россия иштеп чыккан резолюцияны колдоду деп билдирет РИА Новости.

"Резолюциянын кабыл алынышы — мунайды мыйзамсыз өндүрүп сатуунун эсебинен террористтерди каржылоого каршы күрөштөгү олуттуу жылыш", — деп билдирди Бириккен Улуттар уюмунда Россиянын туруктуу өкүлү Виталий Чуркин.

Анын айтымында, бул чечим дүйнө жүзүнүн алдында турган көйгөйлөрдү жөнгө салуудагы биргелешкен күч-аракеттердин пайдалуулугун ырастайт.

Резолюция ИЛИМ, "Жебхат-ан-Нусры" жана башка "Аль-Каида" менен байланышы бар уюмдардын мунайды сатуудан киреше алууларына бөгөт коюуга багытталган. Андан тышкары, киреше алуу булагы болуп барымтага алынгандарды бошотуу үчүн акча талап кылуу, ошондой эле Сирия менен Ирактын диний жана маданий баалулуктарын кылмыштуу жолдор менен алып чыгып сатуу эсептелет. 

Документ барымтага алуу менен байланышкан бардык киреше табуу аракеттерине жол бербөөгө чакырат, себеби ал акчалар теракттарды даярдап жүргүзүүгө жумшалат. 

"Аль-Каидага" жана аны менен байланышы бар уюмдарга курал сатууга тыюу салуу боюнча Коопсуздук кеңешинин мурдагы чечимдери кайра ырасталды.

Россиянын резолюция долбоору БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрүнөн турган "бешилтик" өткөн жумада эле карап чыгып, бир жолу талкуу гана талап кылынды. Жана 13-февралда БУУнун ККга мүчө бардык 15 өлкө документтин акыркы вариантын алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0