Сириянын президенти ИМге каршы биргелешип күрөшүүгө макул, бирок коалицияда эмес

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүБашар Асад. Архив
Башар Асад. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сириянын президенти Башар Асад өзүнүн коалицияда катышууга макул эместигин Сирия АКШ менен шериктеш боло албастыгы менен түшүндүрдү, себеби, анын пикиринде, акыркылар терроризмди колдоп жатат.

БИШКЕК, 11 фев — Sputnik. Сирия жетекчиси Башар Асад ИМдин террористтерине каршы күрөшүү максатында Дамаск көптөгөн өлкөлөр менен биргелешип иш алып барууга даяр экендигин, бирок Вашингтон жетекчилик кылган эл аралык коалицияга катышпай тургандыгын билдирди. Коалиция Сирия менен Ирактын жерлерине абадан сокку урууларды жүргүзүп жатат деп кабарлайт РИА Новости "Би-би-си" корпорациясына таянуу менен.

"Коалициялык күчтөргө кошулууну каалабаган себебибиз өтө жөнөкөй: террористтерди колдоочу өлкө (АКШ) менен шериктеш болуу мүмкүн эмес", — деди Асад, коалицияга катышуучу мамлекеттер менен Сирия кызматташат беле деген суроого жооп берип жатып.

2014-жылдын декабрында АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Ак үй жакынкы арада Сириянын радикалдашпаган оппозициясын колдоочу иш-аракеттерди кеңейте турганы жөнүндө билдирген. Келерки жылдын бюджетинин долбооруна Вашингтон "Ислам мамлекетинин" топторуна каршылык көрсөтүүгө, Ирактын аскерлери менен Сириянын радикалдашпаган оппозициясын күчтөндүрүүгө 9 миллиард долларга жакын акча каражатын киргизген.

Өз кезегинде 2013-жылдын сентябрында Сириянын президенти расмий Дамаскка каршы чыгып жаткан оппозициялык куралдуу күчтөрдүн 90 пайызга жакыны экстремисттик маанайдагылар деп билдирген эле.

Сирия башчысы телеканалга берген маегинде ИМге каршы күрөштүн алкагында АКШ менен түз аракеттешүү жок, бирок "абадан сокку уруулар жөнүндө билдирүүлөр" бар деп белгиледи.

"Жок, өз ара түз аракеттешүү болбой эле, ал үчүнчү тараптар, Ирак жана башка өлкөлөр аркылуу болуп жатат. Кээде алар тактикалык эмес, жалпы мүнөздөгү билдирүүлөрдү берип жиберишет. Биз кампания башталардан мурун эле ал тууралуу билгенбиз, бирок анын чоо-жайы бизге белгисиз болчу", — деди Асад, "диалог жок, кабарлоо бар" деп кошумчалап.

"Ислам мамлекети" террористтик уюму Сирия менен Ирактын өзү басып алган жерлеринде өткөн жылдын жайында "халифат" орнотулду деп жарыялаган. ИМ Сириянын аймагында мамлекеттик күчтөргө каршы аракеттердин жүрүшүндө абдан чоң күч топтоп, эң ырайымсыз деген атка конгон. Согушчандардын аракеттеринин натыйжасында бир нече миң карапайым тургун каза таап, жүз миңдеген адамдар качкынга айланып, дагы бир нече миңи барымтада жатат. 23-сентябрдан тартып АКШ шериктештеринин колдоосу менен ИМдин Сирияда жайгашкан жерлерине абадан сокку ура баштаган, ушундай эле иш-аракеттер август айынан тартып Иракта да жүрүп жатат. 

Сирияда 2011-жылдын март айынан тартып куралдуу чыр-чатак жүрүп жатат. БУУнун маалыматы боюнча, ал 200 миңден ашык адамдын өмүрүн алып кетти. Өкмөттүк аскерлерге ар түрдүү куралдуу түзүмдөргө караштуу согушчандардын топтору каршы турат. Алардын ичинде чет элдик жалдама жоокерлер да бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0