16:12 30 Жетинин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7888
  • EUR96.2310
  • RUB1.1321
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
34 0 0

Кайсы укук коргоо түзүмү баарынан жакшы коргойт деген суроого сурамжылоого алынган америкалыктардын жарымынан азы (46 пайызы) полиция менен шерифтерди өз коопсуздугун кепилдиги деп атаган.

БИШКЕК, 10-фев — Sputnik. Sputnik агенттигинин белгилүү британиялык ICM Reseacrh изилдөө компаниясы менен бирге жүргүзгөн сурамжылоосунун натыйжаларына ылайык, америкалыктардын 50 пайыздан кеми өз кызыкчылыктарын негизги коргоочу катары полицияга ишене тургандыгын билдирген.

Кайсы укук коргоо түзүмү баарынан жакшы коргойт деген суроого сурамжылоого алынган америкалыктардын жарымынан азы (46 пайызы) полиция менен шерифтерди өз коопсуздугун кепилдиги деп атаган. Респонденттер үчүн маанилүүлүгү жагынан экинчи орунга (21 пайыз) жарандарга курал-жарак алып жүрүүгө жана үйүндө кармоого уруксат берүү жөнүндөгү АКШнын Конституциясына киргизилген экинчи оңдоо чыккан. Мында эркектер үчүн бул экинчи оңдоонун болушу аялдарга караганда бир топ маанилүүрөөк (29 пайыз 13 пайызга каршы). Ал эми үчүнчү орунду өрткө каршы кызматтар ээлеген. Аларды сурамжылангандардын 12 пайызы көрсөткөн.

Полициянын иш натыйжалуулугун баалоодо айрым төп келбестиктер аныкталган. Мисалы, афроамерикалыктардын үчтөн бири гана (33 пайызы) полиция менен шерифтин коргоосуна ишенет. Афроамерикалыктар өз коопсуздугун камсыз кылууда экинчи орунду "Сак кошуна" прогарммасына ыйгарган (айлана-тегеректе жашагандардын сактыгы). Аны атагандардын саны 19 пайызга жетет.

Географиялык жактан түндүк-чыгыш обочолонуп турат, ал жакта экинчи оңдоону эскергендердин саны бир топ төмөн (15 пайыз), бирок полиция күзөттөрүн эскергендер көбүрөөк (13 пайыз) болгон.

АКШда ноябрь-декабрь айларында полициянын негизсиз зомбулугунан курман болгондорго байланыштуу массалык нааразылык билдирүүлөр болгон. Америка коомунда толкундоолорду, алсак, Нью-Йоркто кармоо учурунда муунтуп өлтүрүлгөн афроамерикалык Эрик Гарнердин жана Миссури штатында полиция атып өлтүргөн кара түстүү Майкл Браундун өлүмү пайда кылган.

Сурамжылоо Sputnik маалымат агенттиги үчүн ICM Research агенттиги тарабынан 2014-жылдын 5-17-декабрында АКШда өткөрүлгөн. Ага жынысы, жаш-курагы, жана географиялык өзгөчөлүгү боюнча ар түрдүү топторго кирүүчү миңден ашык адам катышкан.

АКШда пайдалануудагы курал-жарактар жөнүндө мыйзамды катуулатууга кантип аракет кылышкан

АКШнын президенти Барак Обаманын Демократиялык партиядагы жактоочулары 2013-жылдын жазында автоматтык аскер куралын сатууга тыюу салып жана дүкөндөрдүн көлөмүн чектөө карала турган оңдоолорду мыйзамга киргизүүнү сунуштаган эле. Бирок сенат Конституцияга киргизилген экинчи оңдоого (жарандардын курал алып жүрүү укугу) таянган курал-жарак алып жүрүүнү жактоочулардын активдүү көз караштарына байланыштуу аталган мыйзам долбоорун кабыл алган эмес.

Белгилер:
АКШ, ICM Research, полиция, сурамжылоо

ЭҢ МААНИЛҮҮ