Лугансктын ыктыярчылары Украинанын аскерлерине биринчи жолу абадан сокку урушту

© REUTERS / Maxim ShemetovАрхив: Украинадагы абал
Архив: Украинадагы абал - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2014-жылдын июлунда Су-25 учагын атып ок тийгизип, ыктыярчылардын карамагындагы жерге конууга аргасыз кылышкан. Учак кайра калыбына келтирилгенден кийин ал ЛЭРдин ыктыярчыларынын курал-жарак курамына кирген.

БИШКЕК, 5-фев — Sputnik. Куралдуу кагылышуулар жүрүп жаткандан бери биринчи жолу Лугансктын ыктыярчылары Украинанын аскерлерине абадан сокку урушту деп билдирет РИА Новости ЛЭРдин ыктыярчылар штабына таянуу менен.

"Биздин "Грач" Артемовск жана Дебальцево шарларын туташтыруучу жолдо бара жаткан Украина аскерлеринин автоколоннасына чабуул жасады. Чабуулдун максаты Дебальцоводогу куралдуу күчтөргө жардамга бара жаткан броневиктер менен машиналар болчу. Украиналык аскерлердин жоготуулары такталып жатат", — деп айтып беришти ыктыярчылардын борборунан.

Су-25 Луганск жогорку учкучтар оку жайынын аэродромунан учуп чыгып, кармаш аяктагандан кийин кайра кайтып келди деп белгилешти штабдан.

2014-жылдын июлунда Су-25 учагын атып ок тийгизип, ыктыярчылардын карамагындагы жерге конууга аргасыз кылышкан. Учак кайра калыбына келтирилгенден кийин ал ЛЭРдин ыктыярчыларынын курал-жарак курамына кирди.

Дебальцево — Донецк областынын чыгыш бөлүгүндө жайгашкан шаар. Ал жерде Украинанын куралдуу күчтөрү топтолгон. Алардын саны ар түрдүү маалыматтар боюнча 8 миңден 10 миң адамга жетет. Шаар Донбасстын ыктыярчылары менен Украинанын куралдуу күчтөрүнүн ортосундагы айыгышкан кагылышууларынын борборуна айланды. Артемовск — Дебальцево автоунаа жолу Дебальцеводо жайгашкан куралуу бөлүктөр менен Киевдин көзөмөлүндөгү аймакты байланыштырып турат. ДЭР жана ЛЭР ыктыярчылар топтору бул жолго ок атуу аракеттерин токтотпой жана бир эле учурда Дебальцево багытында эки тараптуу чабуулдарды уюштуруп жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0