14:26 04 Теке 2020
Түз эфир
  • USD77.1102
  • EUR86.6140
  • RUB1.0938
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
12 0 0

"Уурдалгандар UTair авикомпаниясынын кызматкерлери болуп эсептелет. ЮНАМИДдин өкүлдөрү бул тууралуу компанияга билдиришти", — деп айтып берди агенттиктин маалымат булагы.

БИШКЕК, 3-фев — Sputnik. UTair авикомпаниясынын кызматкерлери болуп эсептелген Россиянын жарандарын бошотуп алууга уурдоочулар акча талап кылып жатат деп билдирет РИА Новости Sputnik агенттигине таянуу менен.

"РФтин жарандары Судандын Борбордук Дарфур аймагында уурдалып, аларды бошотууга акча алуу максатында кармап жатышат", — деп айтып берди Sputnik агенттигине Судандын Тышкы иштер министрлигинен.

Куткаруу үчүн акча төлөө талабы Афганистан биримдиги менен БУУнун биргелешкен тынчтык миссиясынын ЮНАМИД)кызматкерлерине айтылган.

"Уурдоочулар берип жиберген билдирүүдө ЮНАМИДдин кызматкерлеринин эркиндиги үчүн акча төлөө талабы айтылат. Мурда ЮНАМИДдин кызматкерлери Дарфурде бир нече жолу уурдалган, жана Судандын өкмөтү уурдоолор андан ары да уланышына жол бербөө үчүн мындай учурларда уурдоочулардын айтканын жасай бербеш керек деп түшүндүрмө берген", — дейт агенттиктин маалымат булагы. 

Россиянын Судандагы элчилиги кармалгандар чынында эле РФтин жарандары экендигин ырастады. Бул туурасында дипломатиялык ведомствонун маалымат кызматчысы Артур Сафуков билдирип, россиялыктарды бошотуу үчүн бардык чаралар көрүлүп жатканын айтты. 

Анын сөзүнө караганда, дипмиссия "Россиянын жарандарын бошотууга шашылыш териштирүүлөрдү жүргүзүү үчүн" иш тууралуу кенен маалымат бербейт. 

Башка маалымат булагы РИА Новостиге уурдалгандар UTair авиакомпаниясында иштейт деп билдирди.

"Уурдалгандар UTair авикомпаниясынын кызматкерлери болуп эсептелет. ЮНАМИДдин өкүлдөрү бул тууралуу компанияга билдиришти", — деп айтып берди маалымат булагы.

Маектештин айтымында, компаниянын өкүлдөрү менен да, аларды уурдагандар менен да "эч байланыш боло элек".

UTair авиакомпаниясы БУУ менен Африка биримдигинин Аралаш миссиясы менен кызматташтык кылат.

Белгилер:
уурдоочулар, ЮНАМИД, БУУ, UTair, Артур Сафуков, Судан, Дарфур

ЭҢ МААНИЛҮҮ