АКШда Украинага аскердик түз жардам көрсөтүү маселеси талкууланып жатат

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүБелый Дом в Вашингтоне
Белый Дом в Вашингтоне - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Американын саясий борборлору өлкөнүн жетекчилигине Украинага аскердик жардам көрсөтүү кеңештери берилген баяндама даярдашты. Бул жардамга киши өлтүрүүчү коргонуу куралдары да кириши мүмкүн.

БИШКЕК, 2-фев — Sputnik. Мурда АКШнын администрациясында иштеген америкалык серепчилер Украинага аскердик жардам көрсөтүү сунушу менен Ак үйгө кайрылышты деп билдирет РИА Новости серепчилердин баяндамасына таянуу менен.

Сунушталган иш "Украинанын көз карандысыздыгын сактап калуу, Россиянын агрессиясына каршы туруу. АКШ менен НАТО эмне кылуулары керек" деп аталат. Анын авторлору АКШнын НАТОдогу мурдагы өкүлү Иво Даалдер, коргоо министринин мурдагы орун басары Мишель Флорной, мамлекеттик катчынын мурдагы орун басары Строуб Тэлботт, Американын Украинадагы мурунку элчилери Стивен Пайфер менен Ян Хербст жана НАТОнун Европадагы Бириккен командачылыгынын мурдагы орун басары Жеймс Ставридис.

Атлантикалык кеңеште, Брукингс атындагы институтта жана эл аралык мамилелер боюнча Чикаго кеңешинде иштөөчү талдоочулардын пикиринде, эгер Россия ири чабуул аракеттерин көрө турган болсо, батыш өлкөлөрү Украинын күчүн бекемдеши керек.

Баяндаманы түзүүчүлөр бул "Украинага түз аскердик колдоо көрсөтүү дегенди билдирет" деп эсептешет. Андан сырткары, "жардам азыркыдан бир топ чоң көлөмдө берилип жана ага киши өлтүрүүчү коргонуу куралдары да кириши керек".

"Украина өзүн жакшыраак коргой алат", — деп баса белгилешет документтин авторлору.

"Америка өкмөтү Украинага 1 миллиард долларды 2015-жылы мүмкүн болушунча тезирээк берип, ал эми 2016 жана 2017-каржы жылдары 1 миллиард доллардан кошумча транш жүргүзүшү керек", — деп айтылат баяндамада.

Мурдараак АКШнын ЖМКлары өлкөнүн жетекчилиги Украинага курал берүү мүмкүнчүлүгүн карап жатканын билдирген. Алсак, НАТОнун Европадагы башкы командачысы Филип Бридлав жана Ак үй менен Пентагондогу башка расмий адамдар расмий Киевге "коргонуу үчүн курал берүүнү” колдошот. 

Жаңылыктар түрмөгү
0