Бордюжа: ЖККУда Украинанын себебинен бөлүнүп-жарылуу жок

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүНеформальная встреча В.Путина с лидерами ряда стран СНГ
Неформальная встреча В.Путина с лидерами ряда стран СНГ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"ЖККУнун мүчөлөрү бир катар жагдайлар боюнча түрдүү пикирлерге ээ, бирок бир да маселени чече албай калган учур боло элек", — деп белгиледи Николай Бюрдюжа.

БИШКЕК, 2-фев — Sputnik. Жаматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Николай Бордюжа Украинада болуп жаткан каатчылык уюмга мүчө өлкөлөрдүн мамилелерин начарлаткан жок деген пикирде деп билдирет РИА Новости.

"Мен ЖККУ алкагында мамлекеттердин ортосунда мамилелерде кандайдыр бир салкындыкты байкаган жерим жок. Тескерисинче, баары активдүү жана ар бири өз сунуштарын киргизип жатат", — деп билдирди Бордюжа.

Ал бир катар жагдайлар боюнча түрдүү пикирлер бар экендигин, бирок эл аралык уюмдун иш чеберчилиги тил табыша билгендикте жатат деп белгиледи.

"Азырынча бул биздин колубуздан келет", — деп баса белгиледи башкы катчы.

Бордюжа "кайсы бир маселени чече албай калган күн боло элек" деди.

Жаматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюму (ЖККУ) 1992-жылдын 15-майында түзүлгөн. Ага Армения, Беларуссия, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан мүчө болуп эсептелет.

2012-жылдын июнунда Өзбекстан аталган уюмга катышуусун убактылуу токто тургандагын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0