17:14 16 Үчтүн айы 2018
Түз эфир
Здание ООН в Нью-Йорке

Кыргызстан БУУга мүчөлүк карызынан январдын аягында кутулат

© Sputnik / Сергей Гунеев
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
30 0 0

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы Кыргызстанды кошкондо жети өлкөнү мүчөлүк акы төлөбөгөндүгү үчүн добуш берүү укугунан ажыратты. Каржы министрлиги карызын айдын аягына чейин жоюуга милдеттенди.

БИШКЕК, 30-янв — Sputnik. Кыргызстан Бириккен улуттар уюмуна мүчөлүк карызынан январдын аягында кутулаарын Каржы министри билдирди. 

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясына мүчөлүк акы боюнча Кыргызстан менен Македония, Гренада, Маршалл аралдары, Тонга, Вануату жана Йемен өлкөлөрү карыз.

Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Турдакун Сыдыков Sputnik маалымат сайтынын кабарчысына Каржы министрлиги карыз акчаны которуу боюнча иштеп жатканын, каражат калпыстыктан улам төлөнбөй калгандыгын айтып берди.

Каржы министри 2015-жылдын январынын "Эл аралык уюмдарга берилүүчү гранттар" төлөмдөрүндө 54 271 доллар каралганын кошумчалашты. Ал дайыма ушул айдын аягында бюджетке которулуп турат. Кыргызстан жогоруда аталган эл аралык уюмда добушун кайрадан калыбына келтириш үчүн 6 731 доллар төлөшү керек.

Парламентте бул окуя депутаттардын нааразычылыгын жаратты. "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Наталья Никитенко бул мамлекеттик органдар үчүн уят экендигин айтса, "Республикачыл" Курманбек Дыйканбаев атка минерлерди мындай катачылыгы үчүн жазалоого чакырды.

Кыргыз Республикасы Бириккен Улуттар Уюумуна 1992-жылдын 2-мартында мүчө болгон. Бул жылдар ичинде КР өкүлдөрү дүйнөлүк саммиттерге катышып, чыгып сүйлөп, актуалдуу маселелер боюнча өздөрүнүн сунуш, пикирлерин айтып турат. Кыргызстандын бир топ демилгелери БУУга мүчө өлкөлөр тарабынан колдоого алынып келет.

Тема боюнча

БУУ АКШ полициясынын улуттук азчылыктарга мамилесине тынчсызданууда
Министр Турганбаев БУУ БКБнын Кыргызстандагы жетекчиси Федулов менен жолугушту
БУУ: Украинада миллиондон ашык адам өз үйлөрүн таштап кетти
Белгилер:
карыз, Каржы министрлиги, Бириккен Улуттар Уюму, Курманбек Дыйканбаев, Наталья Никитенко, Турдакун Сыдыков
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ