Марин Ле Пен Грецияда болгон шайлоонун жыйынтыктарын колдоду

© AFP / Emmanuel DunandАрхив: Марин Ле Пен
Архив: Марин Ле Пен - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Радикалдуу солчулдардын СИРИЗА коалициясы Грецияда мөөнөтүнөн мурда өтүп жаткан парламенттик шайлоодо жеңишке ээ болууда. БШКнын алдын ала эсептөөлөрүнө караганда, коалиция шайлоочулардын 36 пайыздан ашык добушуна ээ болду. Мындай сан менен ал грек парламентиндеги 300 орундун 149ун ээлей алат.

БИШКЕК, 27-янв — Sputnik. Франциянын "Улуттук фронт" партиясынын президенти Марин Ле Пен радикалдуу солчулдардын СИРИЗА коалициясынын Грециядагы парламенттик шайлоодо жеңиши ЕБга жасаган демократиялык соккусу болду деп эсептейт деп билдирди РИА Новости.

"Греция эли азыр эле Европалык биримдикти демократиялык катуу жакка чапканына кубанычтуумун", — деп жазган Ле Пен өзүнүн Twitter түйүнүндөгү баракчасында.

Радикалдуу солчулдардын СИРИЗА коалициясы Грецияда мөөнөтүнөн мурда өтүп жаткан парламенттик шайлоодо жеңишке ээ болууда. БШКнын алдын ала эсептөөлөрүнө караганда коалиция шайлоочулардын 36 пайыздан ашык добушуна ээ болду. Мындай сан менен ал грек парламентиндеги 300 орундун 149ун ээлей алат. 

СИРИЗА партиясы Европа биримдиги сунуштаган үнөмдөө программасынан баш тартууга чакырат. Ал программаны киргизгендик үчүн ЕБ Грецияга насыяларды берүүнү жана өлкөнүн карызын жоюуну убада кылган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0