Грозныйда миллион адам катышкан митинг өттү

© REUTERS / Eduard KorniyenkoМитинг за исламские ценности в городе Грозный
Митинг за исламские ценности в городе Грозный - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Акцияда, күткөндөй эле, миллиондон ашык адам катышты", — деп билдирди республиканын Ички иштер министрлигинин башчысы. Мурдараак Россиянын ТИМи 800 миң катышуучу тууралуу билдирген эле.

БИШКЕК, 19-янв—Sputnik. Чечен Республикасынын борбору Грозный шаарында ислам баалуулуктарын колдоо иретиндеги митинг болуп өттү деп кабарлайт РИА Новости.

"Республиканын Ички иштер министрлигинин башчысынын маалыматына ылайык, акцияда, күткөндөй эле, миллиондон ашык адам катышты", — деди агенттиктин маектеши.

Россиянын ТИМи 800 миң катышуучу тууралуу билдирген эле.

Митингге республиканын башчысы Рамзан Кадыров, Махачкала менен Грозныйдын епископу Варлаам, Россиянын муфтийлер кеңешинин башчысы Равиль Гайнутдин, РФтин башка субъекттеринин жана чет мамлекеттердин дин өкүлдөрү катышты. 

Борбордун башкы аянтында чогулгандар чыгып сүйлөөлөрдүн ортосунда "Аллах Акбар" деп кыйкырып жатышты. Манифестация жалпы намаз окуу менен аяктап, андан соң эл тарап кетти. Иш-чараны өткөрүүнүн демилгечиси республиканын диний кызматы болду жана ал террордун бардык түрүн сынга алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0