22:35 26 Теке 2021
Түз эфир
  • USD84.4100
  • EUR99.5152
  • RUB1.1392
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
45 0 0

Тунистин Россиядагы ыйгарым укуктуу элчиси Али Гутали аталган мамлекет жакын арада Бажы биримдиги менен эркин соода аймагын түзүүгө кызыкдар экенин билдирди.

БИШКЕК, 15-янв — Sputnik. Тунис жакын арада Бажы биримдигине кошулууну мелжеп жатканын Тунистин Россиядагы элчиси Али Гутали "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинде болгон маалымат жыйында билдиргенин РИА Новости жазды.

"Бажы биримдиги – бул өтө маанилүү түзүм. Андыктан биз эркин соода аймагын түзүү менен аталган биримдикке кирүүнү каалайбыз. Биз евразиялык коомчулук менен мындай аймакты түзүүнү колдойбуз. Керектүү чараларды кабыл алдык, бирок ал убакытты талап кылат", — деди ал.

Элчинин айтымында, тунистиктер биримдикке кирүү үчүн сурам жөнөтүшкөн. 

"Биз муну оптимизм менен карап жана жакын арада биримдиктин мүчөсү болууну мелжеп жатабыз", — деп кошумчалады ал.

Евразиялык экономикалык биримдик 2015-жылдын 1-январынан тарта евразиялык интеграциянын алкагында Россия, Казакстан жана Беларусь кирген Бажы биримдигинин базасында түзүлөт. Постсоветтик мамлекеттердин экономика тармагында мамлекеттер аралык интеграция алкагында кызматташуу 1990-жылдардын аягынан эле башталган. 1999-жылдын 26-февралында Кыргызстан, Казакстан, Беларусь, Россия жана Тажикстан Бажы биримдиги жана Бирдиктүү экономикалык аймак боюнча келишимге кол коюшкан.

Тема боюнча

Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсү боюнча документке кол коюлду
Белгилер:
Евразиялык экономикалык биримдик, Али Гутали, Тунис

ЭҢ МААНИЛҮҮ