РФтин Саламаттык сактоо министрлиги: ЛГБТга тиешелүүлүк айдоочулук укукка таасир кылбайт

© Sputnik / Михаил Фомичев / Медиабанкка өтүүАрхив: водительское удостоверение
Архив: водительское  удостоверение - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөттүн токтому кабыл алынгандан кийин ЖМКда ЛГБТ өкүлдөрүнө айдоочунун күбөлүгүн берүү чектелет деген кабар пайда болду. Саламаттык сактоо министрлиги сексуалдык өзгөчөлүк психикалык бузулуу же жүрүм-турумдун бузулушу болуп эсептелбей тургандыгын эске салды.

БИШКЕК, 14-янв — Sputnik. Айдоочунун тиги же бул сексуалдык топко кириши айдоочулук укук алуусуна таасир кылбайт деп билдирди Россиянын Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматчысы Олег Салагай деп кабарлайт РИА Новости.

"Адамдын сексуалдык өзгөчөлүгү аталган ооруларга эч тиешеси жок: тиги же бул сексуалдык топко тиешелүүлүк Дарттардын эл аралык классификациясынын 10-жолку каралышына (ДЭК-10) ылайык, ооруга эч тиешеси жок: ал психикалык бузулуу же жүрүм-турумдун бузулушу дарт эмес", — деди Салагай.

Ошондой эле ал РФтин өкмөтүнүн токтомунда белгиленгендей, психикалык бузулуу же жүрүм-турумдун бузулушу өзүнөн өзү унаа каражатын айдоого каршы көрсөткүч болуп эсептелбей тургандыгын белгиледи. 

"Өнөкөт болгон жана узакка созулган оор же тез кайталанып туруучу психикалык бузулуулар гана буга кирбейт. Психикалык бузулуудан жабырлануучулардын ичинде мындай психикалык бузулууларга ээ бейтаптардын саны өтө аз жана конкреттүү дартка жараша болот. Атап айтканда, "Жетик курактагы жеке инсандык жана жүрүм-турумдун бузулушу" (ДЭК-10 боюнча коду F60-F69) тобуна кирүүчүлөрдүн саны 1 пайыздан ашпайт", — деп түшүндүрдү маалымат кызматчысы.

Анын айтымында, унаа каражатын айдоого каршы келүүчү медициналык көрсөткүч катары мындай бузулуулар мыйзамда 50 жылдан бери эле бар жана жакында бекитилген токтом ага чынында эч кандай өзгөртүү киргизбейт. 

"Бейтаптардын аталган категориясындагы психикалык бузулуу деңгээли, ошондой эле психикалык реакцияларды олуттуу өзгөртүүчү психотроптук дарыларды колдонуу унаа каражаттарын жогорку деңгээлдеги коркунуч булагы катары айдоого мүмкүндүк бербейт", — деп баса белгиледи Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү.

Мындай көз караш ийкемдүү болуп эсептелет жана психикалык бузулуулары жеңил адамдарга коомдун турмушуна көбүрөөк катышууга мүмкүндүк берет деп кошумчалады Сагалай.

Жаңылыктар түрмөгү
0