Ислам жана христиан астрономдору Италияда жолугушат

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүАрхив: монах молится на площади в Ватикане
Архив: монах молится на площади в Ватикане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Астрономия христиан дининде жана исламда" деп аталган үч күндүк конференция БУУ тарабынан жарыяланган Эл аралык жарык жана жарык технологиялары жылынын алкагында өтөт.

БИШКЕК, 13-янв — Sputnik. Ислам жана христиан астрономдору Кастель-Гандольфодо (Римдин профинциясы) өтүүчү "Астрономия христиан дининде жана исламда" деп аталган үч күндүк конференцияга катышат деп билдирет РИА Новости Ватикан радиосуна таянуу менен.

Конференция Ватикандын астрономиялык обсерваториясы менен Ирандын Ыйык тактыдагы элчилигинин демилгеси боюнча БУУ тарабынан жарыяланган Эл аралык жарык жана жарык технологиялары жылынын алкагында уюштурулууда.

Ислам энциклопедиялык фондунун өкүлү профессор Фарид Гасемлунун айтымында, астрономия — дүйнөлүк коомчулуктун жалпы мурасы. Ислам цивилизациясы ислам өлкөлөрүндө илимди өнүктүрүү үчүн грек астрономиясынын жетишкендиктерин колдонсо, европалык цивилизация ислам астрономдорунун билимдерин пайдаланып келген.

"Ислам менен христиан дининин ортосундагы диалог укук жана дин чөйрөсү менен гана чектелбеши керек, ал үчүн илим, атап айтканда, астрономия жемиштүү негиз боло алат", — деп белгиледи Гасемлу.

Конференциянын алкагында катышуучулар жыл сүрүү жана календарь маселелерин, астрономиянын өнүгүшүнө салттардын жана алардын ыйык китептеринин таасирин талкуулашмакчы. Ошондой эле алар Ватикандын обсерваториясына, Ватикан музейлерине жана жашыруун архивдерге барышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0