Канадалык окумуштуулар техас покери боюнча жеңилбес оюнчуну ойлоп табышты

© Sputnik / Сергей Пивоваров / Медиабанкка өтүүАрхив: покер
Архив: покер - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түзүүчүлөрдүн ою боюнча, алардын программасы – оюндун теориясын жана жасалма интеллекти изилдөө тармагындагы негизги этап.

БИШКЕК, 9-янв — Sputnik. Покерди ойноодо жеңилбеген компьютердик программаны Канаданын окумуштуулары ойлоп тапты деп билдирет РИА Новости Альберт провинциясындагы Университеттин сайтына шилтеме жасоо менен.

"Цефей" (Cepheus) программасы азырынча техас холдеми боюнча эки өнөктөш бекитилген ставка менен гана ойноого үйрөтүлгөн деп айтылат ал кабарда.

Окумуштуулардын сөзүнө караганда, программа өз жөндөмдүүлүгүн өз алдынча өрчүткөн, ага адам аралашкан эмес, аны болгону оюндун эрежелери менен тааныштырып коюшкан, андан соң ал өзү машыккан. 

Эки айдын ичинде "электрондук оюнчу" 4 миңден ашык процессорлорду колдонгон, секунда сайын покердин 6 миллиард партиясы ойнотулган. Бул партиялардын саны адамзатынын тарыхында ойнотулган партиялардын санынан көп. 

Түзүүчүлөрдүн ою боюнча, алардын программасы – оюндун теориясын жана жасалма интеллекти изилдөө тармагындагы негизги этап болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0