Air Asiaнын авиа лайнеринин "кара кутулары" белги беришти

© Фото / Jordan VuongСамолет Air Asia
Самолет Air Asia - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Airbus авиа лайнеринин "кара кутулары" издөө башталгандан эки жумадан кийин белги беришти.

БИШКЕК, 9-янв — Sputnik. Куткаруучулар Малайзиянын Air Asia авиа компаниясына тийиштүү лайнердин "кара кутулары" берди деген болжолдуу белгини катташты деп билдирет РИА Новости "Рейтер" агенттигине таянуу менен.

Облако в иллюминаторе - Sputnik Кыргызстан
AirAsiaнын авиалайнери кыйраган жерде издөө жүргүзүү аймагы кеңейтилди
Ява деңизинде Airbus авиа лайнерин издөө иштери дээрлик эки жумадан бери жүрүп жатат.

Малайзиянын Air Asia авиа компаниясына караштуу авиалайнер Индонезиянын Сурабая шаарынан Сингапурга 28-декабрда учуп чыккан. Бир саатка жетпеген убакыттан кийин учкуч аба ырайынын өзгөрүүсүнө байланыштуу учуу багытын өзгөртүүгө уруксат сураган. Ага булуттуу аймакты айланып өтүүгө уруксат берилген. Бирок авиалайнер кырсык болгондугу тууралуу эч белги бербестен эле радарлардын экранынан жок болуп кеткен. Учактын бортунда 162 адам бар болчу.


Жаңылыктар түрмөгү
0