Өзбекстанда Мамонттун тегинин калдыктары табылды

© Фото / woweezoweeГород Ташкент
Город Ташкент - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзбекстандын Геологиялык музейинде архаикалык жаныбар – мамонттун теги – архидискодондун калдыктары биринчи жолу көргөзмөгө коюлду.

БИШКЕК, 9-янв — Sputnik. Өзбек Республикасында мамонттун теги – архидискодондун калдыктары биринчи жолу көргөзмөгө коюлду деп билдирет РИА Новости Геологиялык музейдин директору Ахмаджон Ахмедшаевге таянуу менен.

Анын айтымында, архаикалык жаныбардын курагы 2,5 миллион жылды түзөт, ал эми анын калдыктары 2013-жылы октябрда Ташкент областында табылган.

"Бул акыркы 60 жылдагы эң орчундуу табылга. Байыркы замандарда Өзбекстандын жеринде мамонттордун теги жашагандыгы тууралуу эч далил жок болчу. Ошондуктан бул табылга илимдин көптөгөн тармактарында төңкөрүш жасады", — дейт Геологиялык музейдин директору.

Крым Амстердамдан скифтердин алтынын кайтарып берүүнү талап кылууда
Калдыктар жер алдында консервацияланган түрдө жаткан, ал эми жер үстүнө алып чыгууда алар кычкылтектин жана башка факторлордун таасиринен бузула баштаган.

Экспонатты реставрациялоонун жүрүшүндө Геологиялык музейдин адистери Өзбек Илимдер академиясынын химия жана полимерлер физика институту менен бирге атайын полимердик желимди иштеп чыгышкан. Аны менен сөөктүн бош жерлери менен жаракаларын толтуруу табылган калдыктары бекемдөөгө мүмкүндүк берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0