ЖМК: 2015-жылы күтүлүүчү үч сынак ЕБнын жашоосуна коркунуч туудурат

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүФлаги Евросоюза и Германии в Берлине
Флаги Евросоюза и Германии в Берлине - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Европа биримдигинин жашоосуна Грецияда, Улуу Британияда жана Польшада өтө турган шайлоолор коркунуч жаратат деп эсептейт The National Interest басылмасы.

БИШКЕК, 8-янв — Sputnik. Бул жыл Европа үчүн өтө тынчсыз болот: ЕБны алдыда бирикменин болушуна коркунуч жаратуучу үч олуттуу сынак күтүп турат деп билдирет РИА Новости Американын The National Interest журналына таянуу менен.

Басылма бул сынактарды Грецияда, Улуу Британияда жана Польшада өтө турган шайлоолорго байланыштырат. 

Атап айтканда, 25-январда Грецияда өтүүчү мөөнөтүнөн мурунку парламенттик шайлоодо катуу экономикалык чараларга кескин каршы чыгуучу Алексис Ципрас башында турган СИРИЗ партиясы жеңиши мүмкүн деген оюн билдирет журнал. Аталган катуу чаралардын чынында эле өлкөнүн экономикасына пайдасынан да зыяны көп тийди деп белгилейт The National Interest.

Журнал The Washington Post гезитинин кабарчысы Мэтт О'Брайандын, эгер СИРИЗ жеңе турган болсо, Грецияны Германия менен чоң нерселер сайышка коюлган "колуңдан келеби же келбейби" оюну күтөт деген сөздөрүн келтирет. 

"Иштерман Германия өзүнүн Жер ортолук деңиздеги ыксыз ысырапчы өнөктөштөрүнүн карыздарын төлөөдөн чарчады", — деп түшүндүрөт журнал.

Экинчи олуттуу сынак деп The National Interest май айында Улуу Британияда өтүүчү шайлоону атайт. Анда "Дэвид Кэмерондун консерваторлук өкмөтүнө өкүм чыгарылмакчы".

Улуу Британиянын азыркы премьер-министринин атагы мурдагыдай чыкпай калса да, анын шайлоодо жеңиши мүмкүн деп жазат журнал. Бирок Кэмерондун утушу ЕБ үчүн жакшылык алып келбейт. Себеби Кэмерон еврого ишенбеген британиялыктарга бирикмеден чыгуу жөнүндө референдум өткөрүүнү убада кылган.

Басылманын пикиринде, мындай "бөлүнүп-жарылуунун" саясий жана экономикалык кесепеттери ЕБны жоюлуп кетүү коркунучуна алып келет.

Үчүнчү олуттуу сынак деп The National Interest октябрда Польшада өтө турган шайлоону атайт. Журнал Европа кеңешинин азыркы президенти Дональд Тусктун иши анча жакшы эмес деп баса белгилейт. Ошентип, Ангела Меркелди сынга алгандыгы менен белгилүү болгон мурдагы премьер Ярослав Качиньскийдин популисттик партиясы жеңет деп болжоого толук негиз бар.

Басылма билдиргендей, анын жеңиши ЕБ үчүн ансыз да тынчсыз жылы бирикмедеги "каатчылыкты жеңилдетүүгө" эч өбөлгө болбойт.

Жаңылыктар түрмөгү
0