Facebookтун негиздөөчүсү ар бир эки жумада бирден китеп окумакчы

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүОснователь Facebook М.Цукерберг выступает в Digital October
Основатель Facebook М.Цукерберг выступает в Digital October - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Марк Цукерберг өзүнүн жеке китеп клубун түзүп, 2015-жылы "чилистен" болууну убада кылды.

БИШКЕК, 5-янв — Sputnik. Facebook социалдык түйүнүн негиздөөчүсү ар бир эки жумада бирден китеп окуп, ошондой эле өзүнүн жеке китеп клубун түзмөкчү деп билдирет РИА Новости Business Insider жаңылыктар порталына таянуу менен.

Архив: дом музей Алыкула Осмонова - Sputnik Кыргызстан
Тынчтыкбек Нурманбетов: Кийинки жылы кыргыз китептеринин сериясы басылат
Ошентип, Цукерберг 2015-жылы "чилистен" болууну убада кылды, ал эми анын биринчи китеби Мойзес Наймдын "Бийликтин бүтүшү" ("Конец власти") аттуу чыгармасы болмокчу. 

Facebookтун негиздөөчүсүнүн айтымында, бул жылы анын милдети "жок дегенде жумасына бирден китеп" окуу болот. Ал ар түрдүү маданияттарды, диний ишенимдерди, окуяларды жана технологияларды окуп иликтөөгө басым жасамакчы. 

Жаңы жыл алдында Марк Цукерберг алдыга кандай милдеттерди коюшу керектиги жөнүндө социалдык түйүндү пайдалануучулардын сунуштарын чогулткан. Ал китеп окууну сунуштаган бардык пайдалануучуларга өз ыраазычылыгын билдирди. 

2009-жылдан тартып Цукерберг ар бир бир жылга карата өзүнүн башкы милдеттерин коюп келет. 2013-жылдын аягында социалдык түйүндүн негиздөөчүсү чет тилдерин окусамбы же тамактануу тартибин өзгөртсөмбү деген ойго келген болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0