Чет элдиктер үчүн РФке кирүү тартиби өзгөртүлдү

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүП/к, посвященная выпуску биометрических загранпаспортов граждан РФ
П/к, посвященная выпуску биометрических загранпаспортов граждан РФ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чет элдик жарандар 2015-жылдын 1-январынан тартып Россия Федерациясынын чек арасынан өтүүдө чет элдик гана паспортун көрсөтүүгө милдеттүү. Бул жаңы тартиптин азырынча Украинанын, Кыргызстандын жана Бажы биримдигине кирген өлкөлөрдүн жарандарына тиешеси жок.

БИШКЕК, 5-янв — Sputnik. Украинанын, Кыргызстандын жана Бажы биримдигине кирген өлкөлөрдүн жарандарынан тышкары бардык чет элдиктер 2015-жылдын 1-январынан тартып Россияга чет элдик паспорт менен гана кире алат деп билдирет РИА Новости.

Кыргыз Республикасынын паспорту - Sputnik Кыргызстан
КР жарандары РФке паспорттун эки түрү менен кирип, чыга алышат
Мурда жаңы жылдын 1-январынан тартып КМШ өлкөлөрүнүн жарандары Россияга чет элдик паспорттун негизинде гана кире алат деп айтылган. Бул эреже Бажы биримдигине мүчө мамлекеттерге (Белоруссияга, Казакстанга) тиешеси жок болчу. 

Бирок белгиленген күнгө карата чет элдик паспорт менен кирүү жөнүндө чечим Тажикстандын тургундары үчүн гана күчүндө сакталып калды. 2014-жылдын ноябрында эле республиканын Унаа министрлиги билдиргендей, авиа компаниялар менен темир жолдор Россия Федерациясына билеттерди ички паспорт менен сатпай калышкандыгын билдирген. 

Өткөн жылы РФтин чек арасынан ички паспорттор менен өтүп жүргөн Украинанын жана Кыргызстандын жарандары азырынча чек арадан ошол эле тартип боюнча өтүшөт. 

Талап кылынган документтердин көптүгүнөн КРдин жарандары үчүн Россияга чет мамлекеттик паспорт менен кирүү жөнүндө чечими кийинкиге жылдырылды. Маселени чечүү үчүн Кыргызстан Россиядан жардам сурады, деп мурдараак билдирген РФтин Федералдык миграция кызматынын башычысы Константин Ромодановский. Бирок анын айтымында, бул маселе жакынкы арада чечилмекчи. 

Украинанын жарандары кайсы бир убакытка чейин Россиянын чек арасынан ички паспорт менен өтүп турушат. 

"Россия менен Украинанын ортосундагы ички паспорттор менен чек арадан өтүү тартиби өкмөттөр аралык макулдашуу кайра каралмайынча өзгөрүүсүз калат", — деди РФтин ФМКнын профилдик департамент башчысынын орун басары Дмитрий Демиденко 

Ошол эле учурда Украинанын Мамлекеттик чек ара кызматы да 2015-жылдын январынан тартып өлкөгө РФтен чет мамлекеттик паспорт менен кирүү тартибин орнотуу мүмкүндүгүн билдирген. Бирок бүгүнкү күндө бул маселе боюнча Украинанын Тышкы иштер министрлигинен эч кандай маалымат жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0