Россияда банк салымдарынын кепилдиги 1,4 миллион рублга чейин көтөрүлдү

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүДенежные купюры
Денежные купюры - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Андан сырткары, бул документ "РФтин Борбордук банкы жөнүндө" мыйзамына да оңдоолорду киргизип, аларга ылайык банк системасынын туруктуулугун сактоо максатында Россиянын ББ Сактык банкына зарыл учурларда субординацияланган насыя бере алат.

БИШКЕК, 2-янв — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин жарандардын банк салымдарын кепилдөөчү сумманын чегин 1,4 миллион рублга чейин көбөйтө турган федералдык мыйзамды жактырды деп билдирет РИА Новости.

Торговля на городской продовольственной предпасхальной ярмарке в Новосибирске - Sputnik Кыргызстан
Россиянын Каржы министрлиги: рублдун кунунун кетиши аяктады
Тийиштүү документ өкмөттүн укуктук маалыматтык расмий порталында жайгаштырылган. 

Россиянын өкмөтү кепилдик ордун төлөөнүн суммасын бир миллион рублга жеткирүү мүмкүнчүлүгүн өткөн жылдан бери эле талкуулап келген. Тармактык серепчилер салымдар боюнча кепилдикти 1,5 миллион рублга чейин көбөйтүүнү сунуштаган.

Мамлекет башчысы кол койгон документ "РФтин Борбордук банкы жөнүндө" мыйзамына да оңдоолорду киргизип, аларга ылайык Россиянын системасынын туруктуулугун сактоо максатында ББ банк Сактык банкына зарыл учурларда субординацияланган насыя бере алат. Бул насыянын көлөмү 2015-жылдын 1-январына карата банктын жеке каражат көлөмүнөн ашпоосу керек. 

Эми бул документтин кабыл алынышынын аркасында Салымдарды кепилдөө агенттиги (СКА) федералдык займ облигацияларын берүү жолу менен Россиянын Сактык банкынан башка бардык банктарды капиталдаштырууну жогорулата алат. Облигациялар РФте СКАнын жеке мүлкү болуп эсептелет. Алар субординацияланган займга мүлктүк төлөм касиетине ээ, ошондой эле ал облигациялардын жардамы менен банктардын субординацияланган облигациялык займдарын төлөөгө болот. 

Кыргызстанда коммерциялык салымдардын кепилдиги 100 сомду түзөт. Муну менен Депозиттерди коргоо агенттиги алектенет. "НСК" кепилдик агенттигинин жетекчиси Энвер Хавазов Sputnikке билдиргендей, КРда салымдарды милдеттүү түрдө кепилдөө жок. 

"Башкача айтканда, бул маселени чечүүгө кепилдөө компанияларын жолотушпайт. Жана кепилдөө фонду коммерциялык банктардын салымдарынан түзүлөт", — кепилдөө уюмунун башчысы.

Милдеттүү түрдө кепилдөө жөнүндө 2010-жылы кабыл алынган төрт мыйзам бар, бирок алар талаптагыдай иштебейт деп кошумчалады Хавазов. Анын себеби Административдик кодекске тийиштүү кошумчалар киргизилген эмес. 

Кепилдөө компаниясынын башчысы мамлекет Кыргызстанда кепилдөөнү өнүктүрүү үчүн салымдарды коргоо маселесин жөнгө салышы керек деп эсептейт.

Теги: Владимир Путин, Энвер Хавазов, Россия, Кыргызстан, Салым, Коргоо, Депозит


Жаңылыктар түрмөгү
0