Медведев: санкциялар жөнүндө мыйзам Россия менен АКШнын мамилелерин бузат

© Sputnik / Дмитрий Астахов / Медиабанкка өтүүАрхив: Дмитрий Медведев
Архив: Дмитрий Медведев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бейшембиде Барак Обама "Украинада эркиндикти колдоо жөнүндө" актка кол койду. Документ "Россияга карата санкцияларды киргизүүгө жана Украинага кошумча жардам көрсөтүүгө" багытталган.

БИШКЕК, 23-дек — Sputnik. Америкалык президент тарабынан кол коюлган Россияга каршы санкциялар тууралуу мыйзам эки өлкөнүн мамилесин ондогон жылдарга бузат деп эсептейт Россиянын премьери Дмитрий Медведев. Бул тууралуу РИА Новости билдирет.

Бейшембиде Барак Обама "Украинада эркиндикти колдоо жөнүндө" актка кол койду. Документ "Россияга карата санкцияларды киргизүүгө жана Украинага кошумча жардам көрсөтүүгө" багытталган. 

"АКШнын башчысы биздин өлкөгө каршы санкцияларды каалаган убакта, Американын каалаган президенти колдонуусуна укук бере турган мыйзамга кол койду. Жексон-Вэниктин мыйзамы кылгандай эле, бул жолу да биздин Америка менен мамилелерибиз ондогон жылдарга бузулат" — деп жазган Медведев Facebookта.

АКШ менен ЕБ Россиянын саясатчыларына жана ишкерлерине каршы санкцияларды кантип киргизишти

Кордес: санкция Россиянын экономикасы менен саясатын чөгөлөтө албайт
Батыш өлкөлөрү Россиянын Украина боюнча көз караштарынын себебинен март айынан тартып РФтин бир катар саясатчыларына, ишкерлерине жана компанияларына каршы бир нече ирет санкцияларды киргизген. Мындай чаралар акыркы жолу декабрда көрүлүп, анда АКШнын президенти Крымга экономикалык блокада жарыялаган. Ал эми санкциялык тизмеге Крымдын жана Украинанын чыгышынан бир катар белгилүү ишмерлер киргизилген. 

Россия Батыштын санкцияларына кандайча жооп берди

Россиянын президенти Владимир Путин 6-августта коопсуздукту камсыз кылуу үчүн айрым атайын экономикалык чараларды көрүү жөнүндө жарлыкка кол коюп, ага ылайык Москвага каршы санкцияларды киргизген бир катар өлкөлөрдөн азык-түлүктү импорттоого бир жылга чек коюлган. Тийиштүү тизмеге уйдун, канаттуулардын, чочконун эти, жемиштер, быштак жана сүт азыктары, жаңгактар ж.б. азык-түлүктөр кирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0